5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз документте белгиленген максаттарга ылайык, Баткен облусу тарабынан сунушталып жаткан долбоорлорго токтолобуз.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасына Баткен облусуна тиешелүү бир катар долбоорлор сунушталууда. Алардын ичинде инфраструктура, экономика, туризм, экология долбоорлору бар. Ошондой эле облус жетекчисинин орун басары программага дагы башка да долбоорлор берилерин айтты.

“Баткен Сити” жаңы шаарын куруу долбоору
Абдирашит Ташбалтаевдин айтымында, "Баткен Сити" жаңы шаарынын курулушу Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, чек арага жакын аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздап, калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы 800 гектар аянтка 100 миң адамга пландалган жаңы шаар экономикалык ишмердүүлүктүн борборуна айланып, турак жай маселелерин чечүүгө жана жаңы иш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Шаар заманбап шарттар менен камсыздалып, ишкерлерди жана туристтерди тартууга багытталат. "Баткен Сити" бул чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча улуттук программанын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле Баткен облусунун келечектеги динамикалуу борбору катары пландалууда”, - деди Абдирашит Ташбалтаев.

Баткен-Кокон темир жолун куруу
Облус башчысынын орун басары белгилегендей, Баткен облусунун үч мамлекеттин чектешкен жеринде жайгашкан ыңгайлуу географиялык орду жана анын стратегиялык мааниси регион үчүн да, өлкө үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өз кезегинде Баткен менен Коконду байланыштырган темир жолдун курулушу соода, туризм жана бизнес алакаларын арттырмакчы.
“Кыргызстандын түштүк бөлүгүндөгү транспорттук байланыштарды активдештирип, унаа жолдорунун жүгүн азайтат, жүк ташуунун коопсуздугун жана ылдамдыгын жогорулатат. Жаңы транспорттук инфраструктуранын пайда болушу жаңы жумуш орундарын жана жергиликтүү жашоочулардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Баткен менен Кокондун темир жол аркылуу байланышы ички жана эл аралык бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, чет өлкөлөр менен тышкы экономикалык сооданы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептейбиз”, - деди ал.
Жаңы Баткен эл аралык аэропортун куруу
Баткен облусун өнүктүрүүдө транспорттук инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Жүргүнчүлөрдүн агымынын өсүшүн жана коопсуздукту камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен Баткен аэропортун шаардын сыртына жылдыруу стратегиялык маанилүү кадамга айланууда. 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында Баткен эл аралык жаңы аэропортун куруу долбоорун иштеп чыгуу сунушталууда. Жаңы аэропорт жүргүнчүлөр үчүн коопсуздуктун жана ыңгайлуулуктун заманбап стандарттарын гана камсыз кылбастан, аймактар жана өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланыштарды бекемдейт. Авиакаттамдар аймактын экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Раззаков аэропортун модернизациялоо
Раззаков аэропортун модернизациялоо процесси бардык эл аралык жана ички каттамдардын коопсуздугун камсыздоого, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аэропорттун эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бул долбоор 180 миңге жакын калкы бар Лейлек району жана Сүлүктү шаары үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берип, дүйнөлүк коомчулук менен байланышты бекемдеген маанилүү кадам болуп саналат. Модернизацияланган аэропорт, жаңы технологияларды ишке киргизүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу Баткендин жана анын айланасындагы аймактардын өнүгүшүнө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот.
Абдирашит Ташбалтаев белгилегендей, мындан тышкары облустун 2025-2027-жылдарда өнүктүрүүнүн программасына маанилүү сунуштар киргизилүүдө. Анын ичинде жолдорду куруу, заводдорду ачуу, туризм, экология, ирригация маселелери бар.

Таян – Сай автожолун куруу. Таян айылынан Сай айылына чейин болжол менен 15 чакырымга жеткен Таян – Сай автожолун куруу керек. Бул долбоорду ишке ашырууга 500 млн сомдой каражат керектелет. Бул жолдун курулушу менен жакын жайгашкан айылдарынын тургундарына ынгайлуу шарт түзүлөт.
Үч-Коргон – Дароот-Коргон автожолун куруу. Үч-Коргон айылынан Дароот-Коргон айылына чейинки жолдун узундугу 117 чакырымды түзөт, анын ичинен Кадамжай районунун аймагында 67 чакырым бар. Бүгүнкү күндө аталган жол көп жылдан бери каралбай калгандыктан, жолго таш-шагылдар түшүп, жол жана көпүрөлөр кооптуу абалда. Ошондуктан жолду калыбына келтирүү кажет. Муну менен Кадамжай районунун калкына, жайытка чыгууга, ошондой эле Чоң-Алай районунун Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району менен байланышы түзүлөт. Кендерден көмүр ташууда чыгымдар кыскарат. Алай жана Чоң-Алай райондору менен Баткен облусунун соода алакасына ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул долбоорду ишке ашырууга болжол менен 1,5 млрд сом керектелет.

Темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод куруу
Облустун аймагында темир-бетон буюмдарын чыгара турган завод куруу учурдун талабы. Анткени бүгүнкү күндө курулушка керектүү товарлар Ош шаарынан (235 км) ташылып келүүдө. Бул завод курулса жолго кеткен убакыт, чыгым азаят.
Кварц кумун кайра иштетүү. Кварц кумунун олуттуу кендери Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда жайгашкан. Лейлектеги кварц кумун жана доломитти казууга лицензия берилген. Кварц куму өнөр жайдын түрдүү тармактарында кеңири колдонулат.
Ганжак СББ куруу. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Ганжак сезондук башкаруу бассейнин куруу зарыл. Мында жер астындагы суулар топтолуп, Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылына суу насосу менен тартылат. Анын жыйынтыгында 150 гектар жердин сугат суусу жакшырат. Ошондой эле облус аймагында 10 күнүмдүк жөнгө салуу бассейн куруу кажет. Бул долбоор ишке ашса, болжол менен 23 миң 500 гектар жердин суусу жакшырат, 5 миң гектар жер өздөштүрүлөт.

Айгүл-Тоо коругунун инфратүзүмүн жакшыртуу. Айгүл-Тоо коругундагы айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында тийиштүү деңгээлде көнүл бурууну талап кылат. Бул объектинин инфратүзүмүн жакшыртуу менен туристтердин саны көбөйөт, аймакка инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана жергиликтүү бюджетке салыктын түшүүсү күтүлөт.
Мадыген геопаркын даңазалоо. Мадыген геопаркын учурда ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул пландар жүзөгө ашса, геопарктын аймагындагы тарыхий археологиялык баалуулуктар сакталып, туристтердин санынын өсүшүнө алып келет.