Баткен облустук ооруканасына жаңы имарат куруу сунушталды

Министрлер кабинети 03 Июнь 2026 11:00
6a1ed8fd23549.jpeg
6a1ed900604a8.jpeg
6a1ed8fece5ab.jpeg
Алдыга
Артка
6a1ed8fd23549.jpeg
6a1ed900604a8.jpeg
6a1ed8fece5ab.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барды.

Оорукананын негизи 2 кабаттуу имараты 1978-жылы, 3 кабаттуу имараты 1981-жылы ал эми жугуштуу оорулуулар бөлүмү 1968-жылы, курулуп пайдаланууга берилген.

45-46 жыл ичинде ооруканага капиталдык ремонт болгон эмес, жыл сайын үстүртөн ремонт иштери  гана жүргүзүлүп келет.

Биргелешкен оорукананын абалы менен таанышып чыккан соң, Адылбек Касымалиев жаңы имарат куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.