Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Адылбек Касымалиев "Ош Сити" (IT шаарчасы) долбооруна барды. 71 гектар аянтта 17 200 батир, 3 мектеп, 2 бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулууда. Долбоордун алкагында 15 000 жумуш оруну түзүлөт.