Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Сокулук районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021-жылдан тартып 2026-жылдын сентябрь айына чейин райондо 41 ири ишкана, чакан жана орто бизнестин 189 субъекти ачылган. Жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйгөн.