Бишкек, 29.08.2025. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта Эгемендик күнү өлкө боюнча кеңири белгиленет.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дон түнкү 01:00го чейин уланат.
Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтөт. Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.
Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гулнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат.
Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаңда өтүү алдында турат.