Башкы прокуратура: 2025-жылы балдардын укугун бузган 2,5 миңден ашык учур аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 16:26
iStock-917505716.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. 2025-жылы балдардын укуктарын камсыздоо жана коргоо маселелери боюнча 918 текшерүү жүргүзүлүп, анын алкагында 2511 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2025-жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бул фактылар боюнча 1062 прокурордук акт түзүлүп, 20 кылмыш иши козголгон жана сотко 27 доо арыз берилген. Актыларды кароонун жыйынтыгы менен 1155 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 27сине айып пул салынган.

Мындан тышкары, прокурорлордун көмөгү менен жетим балдарга 88 жер тилкеси жана 9 турак жай берилген.