Башкы аудитор акча көп уурдалган мекемелерди атады

Маек Загрузка... 21 Июнь 2025 16:47
copyright icon WWW

Бишкек 21.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын Эсептөө палатасы 2024-жылдагы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13,1 млрд сомдон ашуун финансалык мыйзам бузууларды таап чыккан. Анын ичинен 10 млрд сом же акчанын 76,3 пайызы кайра ордуна коюлду. Мыйзам бузуулар жер тилкелерин сатуу, муниципиалдык менчикти ижарага берүү, курулуш-монтаждоо иштеринин жана товардык-материалдык баалуулуктардын наркын ашыкча көрсөтүү менен байланыштуу экени айтылды.

Мамлекеттик казынанын каражатын өөнөп алуу өнөкөтү азайдыбы? Финансалык көз боёмочулуктун кандай жаңы түрлөрү пайда болду? Эсептөө палатасы көз карандысыз, бейтарап аудит жүргүзүү үчүн кандай талаптар жана шарттар керек? Мына ушул жана башка суроолорго Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кабар” маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.