Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын биринчи жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана тартылган уюмдардын долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы боюнча отчеттору угулуп, негизги уюштуруучулук жана инфраструктуралык маселелер каралды.

Жыйында белгиленгендей, учурда долбоорду ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча иштерди баштоо зарыл, анын ичинде долбоордун таасирине туш болгон жер тилкелери менен байланышкан маселелер, трассанын башкы планын бекитүү, ошондой эле курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу. Көрсөтүлгөн багыттар боюнча мындан аркы координацияны күчөтүү жана кыска мөөнөттө макулдашылган чечимдерди кабыл алуу талап кылынат.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга негизги маселелер боюнча макулдашылган чечимдерди ыкчам иштеп чыгуу, анын ичинде жер мамилелерин жөнгө салуу, макулдашуу процедураларын тездетүү, ресурстардын туруктуу жеткирилишин камсыз кылуу жана инженердик коммуникацияларды көчүрүү боюнча тапшырмалар берилди. Тапшырмалардын аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө темир жол түшө турган жер тилкелерин бошотуу маселелери талкууланып, жергиликтүү бийлик органдарына долбоорду андан ары ишке ашыруу маселелерин чечүү максатында ыкчам иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.