Бангладештин мурдагы премьер-министри сыртынан өлүм жазасына тартылды

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-11-17 at 16.05.03 (1).jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Бангладештин соту мурдагы премьер-министр Шейх Хасинаны адамзатка каршы кылмыштар үчүн күнөөлүү деп таап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу жана өлүм жазасына өкүм чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Хасина жана анын жакын жардамчылары зомбулукту уюштуруу, киши өлтүрүүгө буйрук берүү жана болгон мыкаачылыктарга жол бергени үчүн айыпталган.

Соттун чечимине ылайык, ал адамзатка каршы кылмыштардын беш түрү боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттордун айтымында, далилдер жетиштүү болгондуктан, ага карата өлүм жазасы белгиленген.

Белгилей кетсек, өкүм сыртынан чыгарылган, анткени Шейх Хасина учурда сотко келбей, чет жерде жүргөн.

Шейх Хасина өткөн жылдын 5-августунан бери Индияда жашап келет. Ал Бангладеште студенттердин нааразычылык акциялары күчөп, анын 16 жылдык бийлиги кулагандан кийин өлкөдөн качкан. 2024-жылдын августунда студенттердин толкундоосу жана массалык башаламандыктардан кийин убактылуу өкмөт бийликке келген. Ошол учурдагы Хасинанын өкмөтү нааразы болгондорго күч колдонгону үчүн сынга кабылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, акцияларды күч менен таркатуу учурунда 1 миң 500дөн ашуун адам каза болуп, 25 миңден ашык жаран жаракат алган.