Бангладеште тигүү фабрикасында чыккан өрттөн кеминде 16 адам каза болду

Дүйнө 15 октябрь 2025 17:05
Бангладеште тигүү фабрикасында чыккан өрттөн кеминде 16 адам каза болду

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бангладештин борбору Даккада тигүү фабрикасы менен химиялык кампада чыккан өрттөн кеминде 16 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, эки имарат бири-бирине жанаша жайгашкан. Тилсиз жоо жети кабаттуу кийим тигүү фабрикасында үчүнчү кабаттан башталган.

Учурда өрт өчүрүүчүлөр химиялык кампадагы өрттү толугу менен өчүрүү иштерин улантышууда.

Өрт өчүрүүчү кызматкерлер каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек.