Балыкчыда заманбап жаңы шаардык оорукана курулат

Министрлер кабинети 14 Июнь 2026 16:00
6a2e57acb7859 (1).jpeg
6a2e57bc3c5d3.jpeg
6a2e57bbc5a3f.jpeg
6a2e57ba65be6.jpeg
6a2e57b76f5e2.jpeg
6a2e57b743517.jpeg
6a2e57b61364b.jpeg
6a2e57b34f217.jpeg
6a2e57b176129.jpeg
6a2e57b06d1a3.jpeg
6a2e57af77ea2.jpeg
6a2e57aed1bd9.jpeg
6a2e57ad56fa5.jpeg
6a2e57acb7859.jpeg
Алдыга
Артка
6a2e57acb7859 (1).jpeg
6a2e57bc3c5d3.jpeg
6a2e57bbc5a3f.jpeg
6a2e57ba65be6.jpeg
6a2e57b76f5e2.jpeg
6a2e57b743517.jpeg
6a2e57b61364b.jpeg
6a2e57b34f217.jpeg
6a2e57b176129.jpeg
6a2e57b06d1a3.jpeg
6a2e57af77ea2.jpeg
6a2e57aed1bd9.jpeg
6a2e57ad56fa5.jpeg
6a2e57acb7859.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.06.26. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборуна барды. 

Министрлер кабинетинин башчысы медициналык мекеменин учурдагы абалы, бейтаптарды кабыл алуу шарттары, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты, ошондой эле борбордун квалификациялуу кадрлар жана керектүү жабдуулар менен камсыздалганы менен таанышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө оорукананын жанынан ачылган жаңы кардиологиялык бөлүмдүн ишине өзгөчө көңүл бурулду. Бул бөлүм академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун бөлүмү болуп саналат, бул жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды жергиликтүү деңгээлде жогорку квалификациялуу диагностикалоо, дарылоо жана оперативдүү чечүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 

Ошону менен бирге, ЖОЖду текшерүү учурунда мекеменин инфраструктуралык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Оорукананын негизги имараты азыркы учурда аянычтуу абалда экендиги белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Саламаттык сактоо министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына шаардык оорукананын жаңы заманбап имаратын куруу боюнча кеңири финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.