Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы көл жээгинде жайгашкан Green City эс алуу борборунун аймагында, көл үстүндө тик учак коно турган аянтча пайда болду. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Рысбек Баракбеков "Кабар" агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө аянтча көл жээгинен ичкери карай созулган 400 метрлик толкун тоскучтун (волнорез) башына жасалган.
Ал белгилегендей, бул чечим эстетикалык гана эмес, практикалык максатты да көздөйт.
"Эми жарандар үчүн жылдын бардык мезгилинде көл үстүндө тик учак менен учуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бүгүн бизге инвесторлор жеке тик учак менен учуп келишти. Алар сыноо иретинде аянтчага конуп көрүштү. Сыноо ийгиликтүү өтүп, аянтчанын коопсуздугу тастыкталды", — деди компания өкүлү.
Белгилей кетсек, бул аянтча эс алуучулар үчүн жаңы кызматтарды көрсөтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам аракеттенүүгө шарт түзөт.