Балыкчыда 5,5 гектар аянтты ээлеген логистикалык борбор ачылды

Министрлер кабинети 28 Май 2026 13:15
6a17e8d020e52.jpeg
6a17e8d30d730 (1).jpeg
6a17ea163e53f.jpeg
6a17e8dd581e5.jpeg
6a17e8dc3a5e2.jpeg
6a17e8daf3a37.jpeg
6a17e8da453bb.jpeg
6a17e8d9ac996.jpeg
6a17e8d81debd.jpeg
6a17e8d7068f2.jpeg
6a17e8d56f0f3.jpeg
6a17e8d41ff17.jpeg
6a17e8d30d730.jpeg
6a17e8d020e52.jpeg
6a17e8cd5b0ef.jpeg
6a17e8bb40fc4.jpeg
Алдыга
Артка
6a17e8d020e52.jpeg
6a17e8d30d730 (1).jpeg
6a17ea163e53f.jpeg
6a17e8dd581e5.jpeg
6a17e8dc3a5e2.jpeg
6a17e8daf3a37.jpeg
6a17e8da453bb.jpeg
6a17e8d9ac996.jpeg
6a17e8d81debd.jpeg
6a17e8d7068f2.jpeg
6a17e8d56f0f3.jpeg
6a17e8d41ff17.jpeg
6a17e8d30d730.jpeg
6a17e8d020e52.jpeg
6a17e8cd5b0ef.jpeg
6a17e8bb40fc4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаарындагы “Кыргызалтын” ААКтын “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты.

Минкаб төрагасы белгилегендей, эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан өзүнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын активдүү өнүктүрүүдө.

"Бул жааттагы маанилүү долбоорлордун бири - "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору. Борбор Улуу Жибек жолунун маанилүү багыттарынын биринде жайгашкан жана ал Кытайды, Борбор Азия өлкөлөрүн жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хаб катары натыйжалуу иш алып барарына ишенем. Бул ыңгайлуу жайгашкан жер эл аралык соода байланыштарын кеңейтүүгө, транзиттик жүк агымын көбөйтүүгө жана региондун транспорттук-логистикалык секторунда Кыргызстандын ролун бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди ал.

Долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп жатканын Адылбек Касымалиев улантты. Мында 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө “Кыргызалтын” ААКнын ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Уюм тоо-кен тармагы менен эле чектелбестен, логистика, инфраструктура жана инвестиция жаатындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал компаниянын 2025-жылдагы оң каржылык көрсөткүчтөрү эффективдүү башкаруунун жана кесипкөй башкаруунун натыйжасы экенин билдирди. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягына карата “Кыргызалтын” ААКсы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 18,7 млрд сомдон ашык түздү.

Логистикалык борбор 5,5 гектар аянтка жайгашып, транспорттук-логистикалык процесстерди коопсуз жана натыйжалуу уюштуруу үчүн заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет.