Балыкчы – Кочкор темир жолу пилоттук режимде иштеп жатат

Аймак 29 апрель 2026 15:25
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.03.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.03.59 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.03.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.04.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.04.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.04.03 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Балыкчы – Кочкор темир жолу пилоттук режимде иштөөдө. Бүгүнкү күндө жүк ташуучу поезддер Кеминдеги карьерден шагылдарды жүктөп, Балыкчы аркылуу Кочкорго каттап жатат.

Машинист Азамат Султановдун айтымында, буга чейин поезддер жыгач шпалдары аркылуу жүрсө, азыр темир шпалдары орнотулган.

Жол куруучу Нурислам Адылов белгилегендей, учурда Балыкчы – Кочкор темир жолундагы курулуш иштери 43-чакырымга жетти.

“Шпал, рельс, шагылдардын бардыгы темир жол менен ташылып келип жатат. Азыр бул жерге шагылдар төгүлүүдө”, - деди ал.

Бүгүнкү күндө жеринде 48 кызматкер иштеп жатат.

Ал эми Семиз-Бел айылынын тушунда темир жолдун 47-чакырымында рельс, шпалдар орнотулууда.

Баястан Саламатовдун айтымында, жалпысынан темир жолду куруу иштеринин 85-90%ы аяктап калды.

“Бекетти куруу иштеринде да бир топ иштер жасалды. Ал жакта 75-80% жумуштар аткарылды. Канализация, суу түтүктөрүн орнотуу иштери калды. Курулушта 300дөй киши иштеп жатат”, - деди ал.