Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу ачылды

Аймак 6 июнь 2026 08:30
Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу ачылды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техникалардын жардамы менен жолдун 92-чакырымындагы, сел агымынын кесепетинен жабылып калган тилке тазаланды.

Учурда жол унаа кыймылы үчүн ачык. Унаалардын коопсуз жүрүшүн камсыздоо максатында жолду кеңейтүү жана толук тазалоо иштери улантылууда.