Бали кысыгында жүргүнчү ташыган паром чөгүп, 6 адам каза болду

Дүйнө 736 04 Июль 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-07-04 at 10.52.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 10.52.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-04 at 10.52.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-04 at 10.52.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Индонезиянын Бали кысыгында жүргүнчү ташыган паром чөгүп, 6 адам каза болуп, 24 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Жергиликтүү куткаруучулардын маалыматына караганда, паромдун бортунда 53 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү жана жүк ташуучу унаалар болгон.

Паром Чыгыш Явадан Бали аралына бара жаткан.

Кырсык паром Ява аралынан чыккандан 25 мүнөт өткөндөн кийин болгон.

Паромдун оператору жергиликтүү маалымат каражаттарына кеменин экипажы кыйраганга аз калганда паромдун кыймылдаткычы иштебей калганын билдирген.