Бали кысыгында кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 15ке жетти

Дүйнө Загрузка... 11 Июль 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-07-11 at 09.27.15.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Индонезиянын Бали кысыгында жүргүнчү ташыган кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 15ке жетти, дагы 20 кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Чыгыш Ява провинциясынын издөө жана куткаруу агенттигинин жогорку даражалуу кызматкери Новита Нормиланын айтымында, эки адамдын сөөгү бүгүн эртең менен табылган.

Эске салсак, Чыгыш Ява провинциясындагы Банюванги-Редженси шаарындагы Кетапанг портунан Балидеги Джембран-Редженсидеги Гилиманукка бара жаткан жыгач кеме 2-июлда чөгүп кеткен.

Кырсык паром Ява аралынан чыккандан 25 мүнөт өткөндөн кийин болгон.

Паромдун оператору жергиликтүү маалымат каражаттарына кеменин экипажы кыйраганга аз калганда паромдун кыймылдаткычы иштебей калганын билдирген.