Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Эртең, 25-мартта Кыргызстан боюнча 52 стоматологиялык мекемеде балдардын тишин акысыз текшерүү жана дарылоо акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору кабарлады.
Адистер кичинекей бейтаптар үчүн төмөнкү кызматтарды акысыз сунушташат:
- Тиштерди алдын ала кароо жана диагноз коюу;
- Ооз көңдөйүнүн гигиенасын текшерүү;
- 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туруктуу тиштеринин чуңкурчаларын толтуруу (герметизация);
- Ооз көңдөйүн туура күтүү боюнча кеңештерди берүү.
Белгиленгендей, бул иш-чара балдар арасында кариес жана бүйлө ооруларынын алдын алуу максатында уюштурулууда.
Дарыгерлер кезек күтүүлөрдү болтурбоо жана ар бир балага тийиштүү көңүл буруу үчүн жарандардан алдын ала жазылууну суранышат. Кабыл алуу жашаган жериңиз боюнча төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:
Аймактар боюнча клиникалардын тизмеси:
Бишкек шаары:
- №2, №3, №4, №5, №7 стоматологиялык бейтапканалар;
- №1 балдар стоматологиялык бейтапканасы;
- КММАнын стоматологиялык борбору;
- Жеке клиникалар: "АльфаДент", "Радуга", "Голливуд", "MD STOM pro", "Implant Dental Service".
Чүй облусу:
- Кант, Сокулук, Беловодское, Кара-Балта, Токмок жана Кемин шаарларындагы жалпы дарыгерлик практика борборлорунун стоматология бөлүмдөрү.
Ош шаары жана облусу:
- Ош шаардык жана облустук стоматологиялык борборлору;
- Ош шаардык балдар стоматологиялык бейтапканасы;
- Кара-Суу районунун стоматологиялык бейтапканасы;
- Жеке клиникалар: "Доктор Замир", "Эко Дент", "Доктор Элияр".
Жалал-Абад облусу:
- Жалал-Абад облустук стоматологиялык бейтапканасы;
- Токтогул, Кербен, Базар-Коргон жана Ноокен (Масы айылы) райондук борборлору.
Баткен облусу:
- Баткен шаары (облустук оорукана жана ҮМБ);
- Раззаков, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларындагы медициналык борборлор.
Ысык-Көл облусу:
- Каракол шаары (Облустук ҮМБ жана "Доктор Силкиндин борбору");
- Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары жана Кызыл-Суу, Ак-Суу айылдарындагы борборлор.
Нарын жана Талас облустары:
- Облустук борборлор жана бардык райондук жалпы дарыгерлик практика борборлорунун стоматология бөлүмдөрү.
Ата-энелерге балдарынын тиштерин өз убагында текшертип, келечектеги оорулардын алдын алууга мүмкүнчүлүктү пайдалануу сунушталат.