Балдардын мектепке даярдыгын баалоонун жаңы инструменттери сыноодон өткөрүлөт

Билим Загрузка... 13 Июнь 2025 17:52
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бүгүн Агартуу министрлиги тарабынан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери Бишкектин жана Сокулук районунун 15 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, усулчулары жана тарбиячылары үчүн окуулар өткөрүлдү.

Мекеменин маалыматы боюнча, алардын базасында 5-6 жаштагы балдардын башталгыч мектепте окууга даярдыгын баалоонун жаңы инструменттерин сыноо пландаштырылууда.

Мектепке чейинки билим берүүнүн пилоттук уюмдарында 2025-жылдын июнунан август айына чейин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан ишке ашырылып жаткан инструменттин алкагында адаптацияланууга тийиш болгон индикаторлор жана критерийлер апробацияланат.

Мониторингдин инструменттери эл аралык мамилелерге негизделген жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты тууралуу объективдүү маалымат алууга багытталган.

Апробациянын жыйынтыгы боюнча маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана түзөтүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Жаңыланган инструменттерди өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү системасынын алкагында киргизүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, бул чаралар Агартуу министрлигинин 2025-жылга карата, ошондой эле 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.