Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баланын күнүмдүк тамактануусунда азыктардын 15ке жакын түрү, ал эми жумалык рационунда кеминде 30 түрү болушу керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Адистердин маалыматына ылайык, баланын күнүмдүк тамак-ашында эт, сары май, сүт, нан, дан азыктары, жашылча-жемиштер кириши зарыл. Ал эми балык, жумуртка, каймак, сыр, быштак жана башка сүт азыктарын жумасына 2-3 жолу берүү сунушталат.
Бала күнүнө кеминде төрт маал тамактанып, тамактануунун аралыгы 3,5-4 саатты түзүшү керек. Кечки тамак уктаардан кеминде 1,5 саат мурда берилгени оң.
Ошондой эле балдар күн сайын 1-1,5 литрге жакын таза суу ичип, кант, туз жана май көп камтылган азыктарды чектеши керек. Витамин-минералдык комплекстерди дарыгердин сунушу менен колдонуу зарыл.
Адистер фастфудду балдардын рационунда мүмкүн болушунча азайтууну эскертишет. Мындай азыктар ич катууга, гастритке, ичегинин жана уйку безинин сезгенүү ооруларына алып келиши мүмкүн.