Балдардын канынан дагы, үй-чарбалардан дагы коргошун аныкталды - дарыгер

Ден соолук Загрузка... 21 Октябрь 2025 14:28
WhatsApp Image 2025-10-21 at 14.24.42.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Балдардын канынан дагы, үй-чарбаларынан дагы коргошун аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Назгүл Абамуслимова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында коргошунду текшерүүнүн алкагында изилдөөлөр жүргүзүлүп, алгач балдар текшерилип, андан кийинки этапта канынын кураманынан коргошун табылган балдар жашаган үй чарбалары текшерилген.

“Бул изилдөөнү биз “ЭкоИс Бишкек” коомдук бирикмесинин колдоосу астында Рентген-флуоресценттик анализатору (XRF) аркылуу жүргүзүп, ыкчам жыйынтыктарды ала алдык.

Анын алкагында балдар жашаган жерлердеги топурак, ичүүчү суу, идиш-аяк, полдор, каалгалар, терезелер, балдардын ойногон оюнчуктары текшерилди. Ал эми бул изилдөөлөр бизге чындап коргошун кооптуулугу бар экендигин көрсөттү. Чарбалардын көбүндө боёктордо көп экендиги аныкталды.

Муну менен бирге пилоттук негизде мектепке чейинки билим берүү мекелеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, ошондой эле жыйынтыкты көрдүк. Бала бакчаларда кооздук үчүн ар кандай түстөгү боёктор колдонулгандыктан, ал жерде дагы коргошун кооптуулугу байкалды”,-деди бөлүм башчы.

Абамуслимованын айтымында, алынган жыйынтыктардан кийин өлкөнүн калкы колдонгон азык-түлүк жана башка товарларды дагы текшерүү зарылдыгы келип чыкты.

“Буга ылайык, комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл болот. Мисалы, мында Саламаттык сактоо министрлиги эле эмес, бала бакчалар дагы болуп жаткандыктан, Агартуу министрлиги, мекеме жетекчилиги бул маселеге жапа-тырмак караганы туура болот.

Андан сырткары, биз турмуш-тиричилик буюмдарын алууда, боёкторду колдонууда курамында коргошун жок дегендерине, сапаттууларына басым жасап, жеке гигиенаны сактап, колду таза жууп, нымдуу тазалоо жүргүзүү жана туура тамактанууну сунуштайт элем”,-деди ал.