Биз текшерилген вакциналардын кичинекей өлчөмүнөн коркобуз, бирок ошол эле учурда үй шартында эң күчтүү антибиотиктерди ойлонбой колдоно беребиз — бул коомдун чоң катасы. Бүгүнкү күндө инфекциялар мутацияга учурап, агрессивдүү болуп жаткан маалда, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эмдөө – жөн эле аман калуунун эмес, ондогон жылдарга чейин жашоо сапатын сактап калуунун жалгыз ишенимдүү жолу.
Кызылча оорусу катталган учурлардын саны боюнча КРВИден аз болгону менен, балдардын ден соолугу үчүн эң кооптуу бойдон калууда. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө 2023-жылдан бери байкалып жаткан кызылчанын жайылышы пландуу иммунизациялоонун төмөндөшүнөн жана эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүшүнөн улам келип чыккан. Оорунун анализи көрсөткөндөй, бейтаптардын 94 пайызы кызылчага каршы эмделген эмес, бул инфекциянын жайылышын алдын алууда эмдөөнүн негизги ролун дагы бир жолу тастыктайт.

Көрүлгөн масштабдуу чаралардын натыйжасында, 2025-жылы Кыргызстанда кызылча оорусунун катталышы 37,7 пайызга төмөндөдү. Катталган учурлардын саны 2024-жылдагы 14 миң 380ден 2025-жылы 8 миң 962ге чейин кыскарган. 2025-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин оорунун кескин азайганы байкалды. Бул эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканын жана күчөтүлгөн эмдөөнүн натыйжалуулугун айгинелейт.
2026-жылдын январь айында республика боюнча болгону 22 учур катталды. Оорунун көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарында, ал эми айрым учурлар Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында аныкталган. Оору негизинен балдар арасында, өзгөчө 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагы топтордо катталууда. Бул өз учурунда пландуу эмдөө алуунун маанилүүлүгүн көрсөтөт.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Чыныева билдиргендей, кызылчаны бекеринен өтө тез жайылуучу инфекция деп аташпайт: анын козгогучтары ушунчалык тез тарагандыктан, терезе жана желдеткичтердин тешиктери аркылуу көп кабаттуу үйгө оңой эле жайылып кетет. Кызылчанын жугуу индекси дээрлик 100 пайызды түзөт. Бул мурда оорубаган жана эмдөө албаган бала вирус менен байланышта болсо, ал 100 пайыз ооруп калышы мүмкүн дегенди билдирет.
Кырдаалды ого бетер кыйындаткан нерсе — оорунун соккусу эң эле назик, коргоосуз ымыркайларга тийип жаткандыгы: бир жашка чейинки балдардын курагы азырынча пландуу эмдөөгө жете элек — Кыргызстанда биринчи эмдөө 12 айлыгында жасалат, ал эми ревакцинациялоо мурдагыдай 6 жашта эмес, 2 жашта жүргүзүлөт.
"Инфекциянын алгачкы белгилери байкалганда, өзгөчө үйдө кызылча менен ооругандар бар болсо, баланы бейтапканага алып барбай, дарыгерди үйгө чакырууну сунуштайбыз. Баланын коомдук жайларда же бейтапканада болушу оорунун кескин жайылышына шарт түзөт. Үй шартында же стационардагы атайын обочолонуу жайында болуу – бул жугуу чынжырчасын үзүүнүн жана эпидемияны токтотуунун жалгыз натыйжалуу жолу. Анткени, оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн, ал эми алгачкы ачык белгилери орточо эсеп менен 9–14 күндөн кийин билине баштайт", - деди Дамирахан Чыныева.
Антибиотик – бардык оорунун дабасы эмес
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө миңдеген балдар өздөрүнүн мыйзамдуу "иммундук калканынан" ажырап, эмдөөгө каршы чыккан ата-энелердин позициясы вирустардын негизги куралына айланууда. Мындан тышкары, бейтаптар өз алдынча дарылануу менен алтынга тете убакытты өткөрүп жиберип, ооруканага өтө кеч келгенде дарыгерлердин ишинде олуттуу кыйынчылыктар жаралат. Вирустук инфекцияларды антибиотиктер менен дарылоого аракет кылуу — эң кооптуу каталардын бири бойдон калууда.

"Антибиотик — бардык оорунун дабасы эмес. Ал кызылча, кызамык же суу чечек ооруларын козгогон вирустарга каршы такыр жардам бербейт. Антибактериалдык дарылар бул оорулардын козгогучтарына таасир этпейт жана алардын өрчүп кетишин токтото албайт. Биз антибактериалдык терапияны вирустук оорунун фонунда экинчилик бактериялык оорулар пайда болгон учурларда гана дайындайбыз. Аларга пневмония (өпкөнүн сезгениши), бронхит, пиелонефрит жана заара чыгаруу жолдорунун башка инфекциялары кирет", - деп белгиледи доцент.
Ошону менен бирге, COVID-19 пандемиясы учурунда дары-дармектерди баш аламан ичүүдөн улам бактериялардын дарыга туруктуулугунун кескин өсүшү дарыгерлерди өзгөчө тынчсыздандырууда.
"Антибиотиктерди, өзгөчө цефалоспорин тобундагы дарыларды кеңири жана көп учурда негизсиз колдонуу мурда популярдуу болгон цефтриаксондун көп учурда жардам бербей калышына алып келди. Бактериялар андан коргонууну "үйрөнүп" алышты, эми бейтапка оор пневмония учурунда чындап жардам керек болгондо, текшерилген дары натыйжасыз болуп калышы мүмкүн. Натыйжалуулуктун жоголушунан сырткары, күчтүү антибиотиктерди өз алдынча колдонуу өмүргө коркунуч келтирет: үй шартында адамдар көбүнчө өлчөмүн "болжол менен" тандашат же абалы бир аз жакшыра түшөрү менен дары ичүүнү токтотуп коюшат. Бейтаптар антибиотиктерди лидокаин менен кошо өз алдынча колдонгондо өлүмгө дуушар болгон учурлар катталган", - деди ал.
Бул медицинага эмес, "интернеттеги кеңештерге" ишенүү эмнеге алып келерин даана көрсөтөт. Адам вакцинадан коркуп, бирок ошол эле учурда үйүндө олуттуу дарыларды ойлонбой туруп өзүнө сайганы — бул жүрүм-турумдун эки башка чеги. Коркуу менен жоопкерчиликсиздиктин ортосундагы бул ажырым саламаттыкты сактоо тутуму үчүн өтө кооптуу кырдаалды жаратууда.
Жөн гана балдардын оорусу эмес
КПК (кызылча, паротит, кызамык) эмдөөсү бир эле учурда үч кооптуу вирустан коргойт. Эгер бала оорунун өзүн жеңил көтөргөнү менен, анын кесепеттери көбүнчө калыбына келгис болуп калат. Бала кездеги эмдөө сыяктуу жөнөкөй процедура — бул баланын 15–20 жылдан кийин ата же эне болуу мүмкүнчүлүгүн коргоо дегендик.
"Паротит өзгөчө өспүрүмдөр жана жаш жигиттер үчүн кооптуу. 14 жаштан ашкан эркек балдарда вирус көбүнчө жумурткаларды (орхит), ал эми кыздарда энелик бездерди жабыркатат. Келечекте бул тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Кызамык балдарда салыштырмалуу жеңил өтүшү мүмкүн, бирок ал кош бойлуу аялдар үчүн өтө кооптуу. Эгер иммунитети жок болочоктогу эне алгачкы үч айлыкта жуктуруп алса, вирус түйүлдүккө сөзсүз коркунуч туудурат. Бала тубаса майыптык – сокурлук, дүлөйлүк, жүрөк жана башка ички органдардын кемтиги менен төрөлүшү мүмкүн", - деп баса белгиледи Дамирахан Чыныева.

Мындан тышкары, туруксуз аба ырайы да өз эрежелерин талап кылат. Абанын температурасынын кескин өзгөрүшү вирустук инфекциялардын күчөшүнө себеп болуп, алар дем алуу жолдорунун төмөнкү бөлүктөрүнө тез эле түшүп кетүүдө. Ооруканаларга КРВИнин оор белгилери: дем кысылуу, бронхит жана тамагынын сезгениши менен түшкөн балдар көбөйдү. Азыр ооруканаларда ноябрь-декабрдагыдай бейтаптар көп эмес, бирок сак болушубуз керек. Жайкы сезондун келиши менен ичеги-карын инфекциялары менен ооругандардын саны өсө баштайт.
Оорунун алдын алуу дарыланганга караганда алда канча жеңил
Вакцина сайдыруу же дарыгерге алдын ала көрүнүү — ооруп калгандан кийин дарыланганга караганда алда канча арзан. Мисалы, эмдөө акысыз же бир нече жүз сом эле болсо, ал эми оору өтүшүп кеткенде антибиотик, тамчылатма дарыларга, өзгөчө реанимацияда жатканга ондогон, жүздөгөн миң сом кетиши мүмкүн.
Андан сырткары, көптөгөн оорулар адамдын ден соолугунда өмүр бою кетпес так калтырат. Мисалы, дифтериядан кийин жүрөк жабыркаса, ал эми кызамыктан кийин муундар тынымсыз ооруй турган болуп калат. Мындай кесепеттерди дарылоо жылдарга созулуп, өмүр бою кымбат дарыларды сатып алууга туура келет. Медициналык кызматтар жана дары-дармектер тынымсыз кымбаттап жаткан шартта, дарыгерге өз убагында көрүнүү — ден соолукка жана бюджетке күтүүсүз соккулардан коргонуунун эң жеткиликтүү жана ишенимдүү жолу бойдон калууда. Жылдап дарыланганга караганда, оорунун алдын алуу алда канча оңой.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Айжаркын Эгембердиева вакцинация — жугуштуу оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жана илимий жактан далилденген жолдорунун бири экенин белгилейт.

"Эмдөөнүн жардамы менен адамзат кара чечек оорусун жеңип, шал, дифтерия жана кызылча сыяктуу коркунучтуу ооруларды кескин азайта алды. Вакциналар бир эле адамды эмес, анын айланасындагыларды, өзгөчө кичинекей балдарды, кары-картаңдарды жана өнөкөт оорусу барларды коргойт. Эмдөө – бул үй-бүлөнүн жана коомдун келечегине салынган эң чоң салым", – дейт адис.
Кээде адамдар ден соолугунан кооптонуп, түшүнүктүү маалыматтын аздыгынан же расмий медицинага ишенбегендиктен эмдөөдөн баш тартышат. Жадагалса социалдык тармактардагы такталбаган маалыматтар расмий статистикага, эксперттердин жана дарыгерлердин кеңешине караганда ишенимдүүдөй сезилет. Айжаркын Эгембердиева кыргызстандыктарды интернеттеги ушактарга эмес, илимий далилденген медицинага жана эл аралык саламаттыкты сактоо уюмдарынын сунуштарына таянууга чакырат.
Анын айтымында, вакциналар тууралуу эң көп тараган жаңылыш түшүнүктөр төмөнкүлөр:
- "Вакциналар аутизмге алып келет" деген кеп. Бул илимий жактан четке кагылган. Эл аралык ири изилдөөлөр эмдөө менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экенин далилдеген.
- "Эмделгенден көрө, ооруп айыккан жакшы" деген ой. Жугуштуу оорулар өпкөнүн сезгенишине, мээнин жабыркашына, майыптыкка, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эмдөө болсо адамды оор кесепеттерге учуратпастан, ооруга каршы туруктуулук түзөт.
- "Вакциналар иммунитетке күч келтирет". Чындыгында, баланын организми күн сайын миңдеген микробдорго туш болуп, алар менен тынымсыз күрөшөт. Ал эми вакцинанын иммунитетке берген күчү табигый инфекцияларга салыштырмалуу өтө эле аз жана зыянсыз.
Мындан тышкары, айрымдар эмдөө балдарга гана керек деп ойлошот. Кызылча, кызамык, паротит, көк жөтөл сыяктуу оорулар илгертен "балдардын оорулары" деп аталып калган. Анткени алар бала бакча, мектептерде тез жайылып, оор өтөт. Массалык эмдөө иштери да алгач балдардан башталгандыктан, чоңдордо "мектепте алган эмдөөм өмүр бою жетет" деген жалган ишеним калыптанып калган. Бирок, адис бул жаңылыш түшүнүктү дароо четке какты.
Анын айтымында, иммунитет — бул бала кезден калыптанган эмес, ал убакыттын өтүшү менен өзгөрүп туруучу система. Ошондуктан аны өмүр бою "жаңыртып" туруу керек.

"Эмдөө ар бир куракта маанилүү. Бала кезде алган иммунитет убакыттын өтүшү менен алсырап калышы мүмкүн, андыктан аны жаңылоо үчүн чоңдорго да кайра эмдөөдөн өтүү сунушталат. Тактап айтканда, чоңдор ар бир 10 жыл сайын дифтерия жана селеймеге каршы, В гепатитине каршы (учурда 21 жаштан жогору адамдарга акысыз жасалат), ошондой эле жыл сайын сасык тумоого каршы эмделип турганы абзел. Сасык тумоого каршы эмдөөнү өзгөчө кары-картаңдарга жана өнөкөт оорусу барларга сунуштайбыз", — деп тактады Айжаркын Эгембердиева.
Эмдөөгө чейин атайын катуу диета кармоонун кереги жок, бирок айрым жөнөкөй эрежелер организмге вакцинаны жеңил кабыл алууга жардам берет.
"Атайын даярдыктын кереги жок, бирок эмдөөгө келерде адам дене табы көтөрүлбөгөн жана оорунун белгилери жок болушу керек. Ошондой эле мурдатан берки өнөкөт оорусу же аллергиясы барлар бул тууралуу дарыгерге сөзсүз айтышы керек. Эмдөө алган күнү өтө ысып же өтө сууктап калбаганга аракет кылыңыз. Эмдөөдөн кийин 20–30 мүнөт дарыгердин көзөмөлүндө болуу зарыл. Ийне сайылган жердин бир аз кызарышы же дене табынын бир аз көтөрүлүшү – бул организмдин вакцинага берген кадимки жана нормалдуу реакциясы экенин түшүнүү маанилүү", — дейт адис.