Окуу жылы башталар алдында балдарда жаңы эмоциялар жана толкундануу сезимдери пайда болот. Бул өзгөчө мектеп босогосун жаңы аттап жаткан же башка мектепке которулуп жаткан окуучуларга тийиштүү. Алардын жаңы чөйрөгө, мугалимдерге жана досторго көнүп кетүүсү абдан маанилүү. Баланы мектепке туура адаптациялоо тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун кызматкери, тажрыйбалуу психолог Гүлзат Исабекова айтып берет.

Баланын адаптация болушуна кантип жардам беребиз?
Психологдун айтуусу боюнча балдардын мектепке адаптация болушу ар башкача болуп, алардын психотибине, темпераментине жана психикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша калыптанат.
“Мисалы, сангвиник жана холерик балдар адамдар менен оңой тил табышып, жаңы чөйрөгө бат көнүшөт. Алардын коомго аралашуусу жеңил болот. Ал эми флегматик жана меланхолик балдар үчүн көпчүлүктүн арасы, жаңы тартиптерди кабыл алуу кыйыныраак болушу мүмкүн. Ошондуктан балдарды бири-бирине салыштырбай, өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша адаптация болууга уруксат берүү маанилүү. Бул процесс бир айдан алты айга чейин созулушу ыктымал.

Мектеп босогосун аттай турган баладагы белгисиздик, кооптонуу жана коркуу сезимдери табигый реакция болуп саналат. Жаңы мугалим, жаңы достор жана жаңы тартиптерди кабыл алуу башында оор сезилиши мүмкүн. Ошондуктан баага эмес, баланын көнүп кетүүсүнө көңүл бурган туура болот.
Мындан улам, балдарга алдын ала мектеп менен тааныштыруучу видеолорду көрсөтүп, класста отурган окуучулар жана жалпы тартип тууралуу айтып берүү чоң жардам берет. Мисалы, “Бул жерде мугалимди угушуң керек. Түшүнбөй калсаң тартынбай сура, дааратканага баргың келсе, суу ичкиң келсе уруксат сура” деп үйрөтүү зарыл”-деди ал.
Эмоциялык колдоонун мааниси
Андан сырткары, психолог белгилегендей, баланы эмоционалдык жактан колдоо абдан маанилүү.
“Дегеле баланы уга билүү — ата-эненин эң чоң колдоосу болуп саналат. Себеби, бала үйгө келип, мектепте болгон окуяларын айтып берүүгө ашыгат. Мугалим мактаган болсо, аны менен кубануу – чоң колдоо. Эгер түнт болуп калса, тынч абалда суроо берип, көңүл буруу зарыл. Бул балада маанилүүлүк жана ишеним сезимин күчөтөт.
Ошондой эле ата-эне күн сайын “Күнүң кандай өттү? Кандай кызыктар болду?” деп сураса, бала өзүн баалайт жана ишенимдүү сезет”, – дейт ал.

Жаңы мектепке көнүү
Андан сырткары, Гүлзат Исабекова окуучулар мектеп алмаштырган убакта кабылган көйгөйлөргө да токтоло кетти.
“Чоң адамдар да жумуш алмаштырганда стресске кабылып, коркот жана кооптонот. Жаңы адамдар менен дароо эле тил табышып кете албайт. Ошол сыяктуу эле балага да бул процесс абдан кыйын болот. Анда “жаңы классташтарыма көнө аламбы, мени кабыл алышабы?” деген ойлор пайда болот. Өзүн жалгыз сезип, ишенимин жоготушу ыктымал. Мындай учурда да ата-эненин колдоосу абдан маанилүү болуп, мектепке коштоп баруу, кайра тосуп алуу, абалына кызыгып, суроо салуу, жан дүйнөсүнө кызыгуу жардам берет. Бул учурда дагы жаңы мектепке, жаңы чөйрөгө адаптация болуу эки жумадан 3-4 айга чейинки убакытты алышы мүмкүн.
Ошол эле маалда мугалим класстагы окуучуларга байкоо жүргүзүп тургандыктан, ата-эне аны менен байланышта болуп, баласы жөнүндө сурап туруусу зарыл”, -деди ал.
Психолог кошумчалагандай, мектеп которгон бала жаңы чөйрөсү тарабынан дагы бөлүү, кемсинтүү, буллинг кылуу сыяктуу одоно мамилелерге дуушар болушу мүмкүн. Мындай учурда сөзсүз түрдө баланы психологго алып барып, көңүл бөлгөн оң натыйжасын берет.

Кыйкырык жана басымдын кесепети
“Дагы бир кошумчалай кетүүчү маанилүү нерсе – ата-эне баланы физикалык жактан күч колдонуп, коркутуп сабак жаздырганда бала абдан стресс болот. Ал тургай, чачы түшүп, арыктап, ашыкча тынчсызданып, энурез (түнкүсүн уйкуда заара кылуу), логоневроз болуп тили кекечтенип калган учурлар кездешет. Мындай учурда мен ата-энелерге өзүңөр чыдабай жатсаңар, балаңарды репетиторго бергиле, мектептен кийинки тапшырма аткаруу тайпасына калтыргыла же башка бирөөлөрдөн жардам сурагыла демекчимин. Башкысы – баланын психикасын сактаганга аракет кылгыла. Негизи балага кыйкырган учурда анын мээси коргонуу абалына түшүп, маалымат кирбей, катып калат. Ал тургай өзүн-өзү күнөөлөп, жемелеп аутоагрессия абалына түшүшү ыктымал.

Эмне үчүн эмоционалдык интеллект маанилүү?
Биз да убагында окуучу болуп, биринчи жолу мектеп босогосун аттап, эч нерсе билбей барып үйрөнгөнбүз. Балдар дагы башынан ошол абалдарды өткөрүшөт. Андыктан, алардын бул белгисиздик абалын түшүнүү абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө академиялык билимдин өзүнөн да эмоционалдык интеллект биринчи орунга чыгууда. Анткени маалыматты каалаган учурда интернеттен ала алабыз. Ал эми баланын эмоциясын туура түшүнүү, аны колдоо жана багыт берүү – окуудагы ийгилигинин негизги фактору болуп калды.