Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Жалпысынан аймактык реформанын алкагында Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментине жер мунапысынын негизинде жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча 37 миң 27 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу аталган департаменттин директору Уран Мусаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кабыл алынган чечимдердин негизинде комиссия тарабынан 13 миң 924 жарандын арызы жактырылып тийиштүү токтомдор берилген.
“Калган иштер боюнча учурда жумуш улантылып жатат. Өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Буга чейин жарандардын кайрылуусунун негизинде көптөгөн бош тилкелер комиссия тарабынан каралып, чечимдер чыгууда”, - деди Мусаев.
Белгилей кетсек, жер мунапысы — бул мамлекет тарабынан жарандарга жер маселесинде жеңилдик берүү. Ал мыйзамсыз же документсиз пайдаланылып келген жерлерди расмий каттоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун негизинде жарандар өз жерин мыйзамдаштыра алышат.