Кыргызстанда 15–19 жаштагы ар бир миң кызга 29 төрөт туура келет

Коом
Кыргызстанда 15–19 жаштагы ар бир миң кызга 29 төрөт туура келет

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 15–19 жаштагы кыздардын арасында төрөт көрсөткүчү ар бир миң адамга 29 учурду түзөт. Мындай маалыматтар БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун 2026-жылдагы "Дүйнө калкынын абалы" аттуу баяндамасында келтирилген.

Изилдөөгө ылайык, Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бул курактагы ар бир миң кызга орто эсеп менен 18 төрөт туура келет. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе төмөн. Ошол эле учурда 2000-жылдан 2023-жылга чейин аймактагы өспүрүмдөр арасында төрөттүн көрсөткүчү болжол менен 40–50%га азайган.

Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч Тажикстанда катталган. Ал жакта ар бир миң кызга 39 төрөт туура келет. Азербайжан менен Өзбекстанда бул көрсөткүч 37ни, Кыргызстанда 29ду түзөт.

Баяндамада аялдардын коомдогу орду жана үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу да маалыматтар камтылган. Маселен, Тажикстанда турмушка чыккан аялдардын 33%ы гана жыныстык мамилелерге, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга жана ден соолугуна байланыштуу маселелерде өз алдынча чечим кабыл алат. Аймак боюнча орточо көрсөткүч 70%ды түзөт.

Мындан тышкары, изилдөөдө 25–29 жаштагы эркектер менен аялдардын үй-бүлөлүк абалы боюнча айырмачылыктар аныкталган. Бул курактагы аялдардын 70,5%ы, эркектердин 43,4%ы туруктуу мамиледе. Аялдардын 44,6%ы жана эркектердин 25,3%ы никеде турат. Ал эми аялдардын 48,9%ынын, эркектердин 28,5%ынын балдары бар. Ошол эле учурда аялдардын 55%ы, эркектердин 74,4%ы эмгек ишмердүүлүгү менен алектенет.

Ошого карабастан, аймакта үй-бүлө курууга болгон каалоо жогору бойдон калууда. Сурамжылоого катышкан 25–39 жаштагы, өнөктөшү менен сүйлөшүп жүргөнү менен чогуу жашабаган адамдардын 85,7%ы аял, 87,2%ы эркек никеге турууну же чогуу жашоону кааларын билдирген.

Ошол эле учурда 18–39 жаштагы аялдар өздөрүнүн жашоодогу максаттарын жана баалуулуктарын бөлүшкөн өнөктөш табууда кыйынчылыктар бар экенин белгилешкен. Сурамжылоого катышкан аялдардын дагы 65%ы өнөктөшүнүн үй жумуштарына жана бала багууга жетиштүү деңгээлде катышпай турганын эне болууга тоскоолдук жараткан маанилүү себептердин бири деп эсептешет.