Эсептөө палатасы эми эл аралык стандартка ылайык аудит жүргүзө алат – төрага

Коом Загрузка... 16 Июнь 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-06-16 at 11.04.53.jpeg
copyright icon ЖИ

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Эсептөө палатасы эми эл аралык стандартка ылайык аудит жүргүзө алат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасынын биринчи жетишкендиги 2022-2026-жылга стратегиялык өнүктүрүү планын кабыл алгандыгы. Анын алкагында эл аралык стандартка ылайык аудит жүргүзү ишке ашырылган.

“Эсептөө палатасынын 2022-2026-жылга стратегиялык өнүктүрүү планы кагаз жүзүндө эле калбастан, бүгүнкү күндө биз ишке ашырдык. Анткени, планда каралган эң биринчи маселе бул аудиттин стандарттарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү болгон. Ошол шайкеш келтирүү боюнча эл аралык стандартка теңдеш болгон өзүбүздөгү методологиялык-ыкмалык ишмердүүлүктү кандай алып барыш керектиги тууралуу документтерди кабыл алдык”,- деди Эсептөө палатасынын төрагасы.