Өтө жугуштуу инфекция: Кызылчадан сактануунун жалгыз жолу — эмдөө

Ден соолук Загрузка... 17 Февраль 2026 12:04
polio-vaccine2-min.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кызылча вирустук, аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу инфекциялык оору экенин эскертти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Инфекциянын булагы — оорулуу адам. Кызылча менен ооруган адам менен кыска убакыт болсо да байланышта болгон эмделбеген адамдар жуктуруп алышат.

Алдын алуу эмдөөлөрүнүн календарына ылайык, балдар КПК (кызылча, паротит, кызамык) вакцинасын 12 айлыгында жана 2 жашында алышы керек. Вакцина баланы кызылчадан, паротиттен жана кызамыктан коргойт.

Кызылча, паротит жана кызамык — чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оңой жайыла турган вирустук инфекциялар. Сырткы белгилери боюнча бул үч оору суук тийгенге окшош, бирок аларга дене боюндагы чекиттүү бүдүрлөр жана оорутуучу шишиктер кошулат.

КПК эмдөөсүнөн өтпөй калган балдар бул үч оорунун тутанышы учурунда коркунучка дуушар болоору белгиленет.