Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Сандар жана фактылар

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-03-17 at 15.28.23.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын жаш курактык түзүмү боюнча жаш өлкөлөрдүн катарына кирет: жалпы калктын санынын үчтөн биринен көбүн (37 пайызын) 17 жашка чейинки балдар түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата балдардын саны 2 млн 730 миңди түздү. Алардын ичинен 1 млн 403 миңи (51 пайызы) эркек балдар болсо, 1 млн 327 миңи (49 пайызы) кыздар болуп саналат. 2025-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 15 миң адамга же 0,6 пайызга көбөйгөн.

Балдардын үчтөн биринен көбү (37%ы) шаар жерлеринде жашаса, дээрлик үчтөн экиси (63%ы) айыл жерлеринде жашайт.

17 жашка чейинки балдардын үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында эң жогору деңгээлде катталган (жалпы калктын 38–43%ы). Ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган (24 пайыз).

Үстүбүздөгү жылдын башына карата балдардын жалпы санынын 38%ын 7 жашка чейинки балдар (1 млн 45 миң адам), 46%ын 7–14 жаштагы балдар (1 млн 258 миң адам), ал эми 16%ын 15–17 жаштагы өспүрүмдөр (427 миң адам) түзгөн.

2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашык бала төрөлгөн. Алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала болсо, 68 миңден ашыгы кыздар болгон.

Эң көп төрөлүү көрсөткүчү 20–29 жаштагы аялдарга туура келет. 2025-жылы төрөлгөн балдардын 55%ы ушул курактагы энелерден төрөлгөн.

2025-жылдын аягына карата республика боюнча 2 миңден ашык мектепке чейинки билим берүү уюмдары иш алып барып, аларда 276 миңден ашык бала тарбияланган.

2025-2026-окуу жылынын башына карата өлкөдө 2,4 миң күндүзгү жалпы орто билим берүү уюму иштеп, анда 1,6 млн бала билим алган.