Кыргызстан билим берүүнүн улуттук жаны моделине өтүүдө. Ага ылайык, мындан ары балдар мектепке алты жаштан бара баштайт. Бул теманын тегерегинде коомдо талкуу жүрүп, ар-кандай пикирлер айтылууда.
Бул тема тегерегинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Шайырбек Сулайманов айтып берди.
- Саламатсызбы? Сиздин пикириңизде алты жаштагы бала мектепке барууга даярбы?
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, бардык балдар жынысына, этностук тегине, динине, социалдык-экономикалык жана маданий айырмачылыктарына, ден соолугуна карабастан өз убагында гармониялуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Жаңы билим берүү модели боюнча, Кыргызстанда балдар 6 жаштан мектепке барат.
Албетте, ар башка өлкөдө балдардын 1-класска баруу курагы ар кандай. Мисалга алсак, Венгрияда балдар 3 жашынан, айрым өлкөлөрдө беш жаштан барат.
Бизде балдардын социалдык, психологиялык жана физиологиялык даярдыгын, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, биринчи класска 6 жаштан баштап балдарды кабыл алса болот.
Физикалык жактан алганда, 5 жаштагы баланын бою 1 метрдин тегерегинде, салмагы 17-18 килограммдай болот. Баланын мээсинин 90%ы беш жашка чейин калыптанат, ошондуктан төрөлгөндөн мектепке чейинки жылдар анын жашоосундагы эң маанилүү мезгил. Беш жашка чейинки убак илимде “мүмкүнчүлүктөр терезеси” деп аталат. Бул мезгилде бала өтө тез өнүгүп, салмак кошуусу, боюнун өсүүсү, дүйнө таанымы, айтор бардык жактан өрчүгөн мезгил болот. Андыктан, ушул жылдарда балдардын таанып-билүүсү жана социалдык-эмоционалдык жөндөмдөрү алардын кийинки окуу жашоосундагы натыйжаларына чоң таасирин тийгизет.
- Жеткинчектер мектепке оңой көнүп, окуу процессине бат аралашуусу үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл? Алгачкы жолу мектепке бара турган балдар кандай даярдыктан өтүшү керек?
- Беш-алты жаштагы бала өзүн тейлей алышы керек, өзү кийинип-чечинип, айрым бир жеңил үй жумуштарын аткарганды билиши керек. Өзүнүн, ата-энесинин аты, жашы, жашаган дареги өңдүү маалыматтарды билүүсү зарыл. Ошондуктан мында ата-эненин, бала бакчанын ролу өтө зор. Бала бакчага барган баланын мектепке көнүп кетүүсү жеңилирээк болот. Муну дүйнөлүк тажрыйба айгинилейт. Бала бакчада бала тарбиячы жана башка балдар менен мамиле түзгөндү үйрөнүп, башкача айтканда өзүнө тың болуп, социалдашат.
Эгерде кайсыл бир себептерден улам бөбөк бала бакчага барбаса, анда аны менен ата-энеси көбүрөөк иштеши керек. Телефон, ар кыл гаджеттерге алаксытып койбой, бала менен баарлашып, дүйнө таанымын кеңейтүү зарыл.
Эмоционалдык жагынан алсак, окуу процессине киргенге чейин ата-энеси баланы мектепке алып барып, экскурсия жасап, мугалими менен тааныштырып койгону оң. Анан албетте, баланын жаңы чөйрөгө мыкты адаптация болушуна мугалимдин ролу чоң.
Мектептеги окуу процесси тууралуу айтсак, балдарга сөзсүз түрдө ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл. Сабак оюн форматында болушу керек. Окуучу бир жерде көп отурбастан, кыймыл-аракет жасап туруусу шарт.
Дагы бир маселе – мектепте баланын тамактануусу. Өсүп жаткан организмди толук кандуу азыктандырбаса болбойт. Ошон үчүн аларга ысык тамак уюштуруу өтө маанилүү. Демек, бул маселеде комплекстүү иш-аракеттерди алып баруу керек.
Башкача айтканда, мектепке даярдык баланын ден соолугунан, физикалык, психологиялык жана социалдык аспектилеринен көз каранды. Ал эми ар бир баланын мүнөзү физикалык, менталдык өнүгүүсү ар түрдүү, ошондуктан балдарга, алардын ата-энелерине педагогдордун, медиктердин жана психологдордун кеңеши маанилүү.
Ал эми жалпылап айтсак, интеллектуалдык жактан, мээнин мүмкүнчүлүгүнө карата маалыматты кабыл алууга балдар даяр. Бирок ошол маалыматты ченеми менен, илимий негизде бериш керек, ашыкча болсо, балага жүк болуп калат, жетишсиз берилсе – бала өнүкпөй калат. Бала баарын өз убагында билиши керек.
- Айтсаңыз, жаңыдан мектепке бара баштаган балдардын ден соолугуна кандай кандай кам көрүү зарыл?
- Көбүнчө балдардын ден соолугунун абалынын начарлашы өзгөчө окуу жүктөмү жогору мектептердин (гимназиялар, лицейлер) окуучулары үчүн мүнөздүү.
Интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан оор болгон, бирок мектепте түшкү тамактанууну каалабаган же зыяндуу тамактарды жеген балдар ичеги-карын ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Айрыкча, башталгыч мектеп жашындагы балдар күнүмдүк рационунан бутерброд, чипсы, гамбургер өңдүү зыяндуу тамак-ашты алып салып, негизинен ысык жана суюк тамактарды жеши керек.
7-8 жаштан баштап балдарда туруктуу тиштеринин кариеси көбөйө баштайт. Партада туура эмес отуруудан көбүнчө сколиоз, лордоз, кифоз жана башка оорулар пайда болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда, эксперттер мектеп окуучуларынын жалпы ден соолугун жакшы абалда сактоо оңой деп айтышат. Бул үчүн балдардын кыймыл-аракетин көбөйтүү, окуу ордун туура уюштуруу керек, ошондой эле, ыңгайлуу кийим-кече, пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу зарыл.