Мектепке кабыл алуу — 2026: Электрондук каттоонун мөөнөтү жана жол-жобосу

Билим Загрузка... 26 Март 2026 11:15
WhatsApp_Image_2025_gXe0uic.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” санариптик технологиялык системасы жөнүндө жобосунда айтылат.

Маалыматка ылайык, балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:

  • Биринчи этап — 1-апрелде саат 10:00дөн тартып жүргүзүлөт: жашаган жери боюнча тиешелүү жалпы билим берүү уюмунун микроучастогунда каттоосу (пропискасы) бар балдарды кабыл алуу;
  • Экинчи этап — 1-июнда саат 10:00дөн тартып башталат: жашаган жери боюнча микроучастокто каттоосу жок балдарды тандалган жалпы билим берүү уюмуна бош орундар болгон учурда кабыл алуу.

Белгилей кетсек, 2026-2027-окуу жылына 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар биринчи класска кабыл алынат.

8 жаштан улуу балдар же баланын же ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) ким экендигин тастыктаган документтери жок балдар мектепке балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Жободо белгиленгендей, балдарды 1-класска кабыл алууда КР мыйзамдарына ылайык, ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.