Балдардагы ангина бөйрөк оорусуна алып келиши мүмкүн

Ден соолук Загрузка... 17 Март 2026 17:55
1024302058.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Балдардагы ангина оорусун убагында дарылабаса, бөйрөк оорусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.

Анын айтымында, негизги тобокелдик факторлоруна кант диабети жана жогорку кан басымы да кирет.

Министр балдардын ооруларын убагында дарылоонун жана алдын алуунун маанилүү экенин белгилеп, гемодиализге чейин жеткирип жибербей, ар бир адам жана ата-эне балдарынын саламаттыгына болгон жоопкерчиликти кылдат сезиши керектигин билдирди.