Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Анемия балдар арасында эң көп кездешкен гематологиялык оорулардын бири. Ага балдардын 25–40 пайызы чалдыгат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жалпы соматика бөлүмүнүн педиатры Жазгүл Мураталиева айтып берди.
Педиатрдын түшүндүрүүсү боюнча, анемия бул кандагы гемоглобиндин жана эритроциттердин деңгээлинин төмөндөп кетиши.
“Эгер темир жетишсиздигине байланышкан анемия жөнүндө айта турган болсок, бул учурда организмдеги ткандарда темирдин деңгээли төмөндөп кеткен болот”, — деди дарыгер.

Эң көп коркунучта болгондор 3 жашка чейинки кичинекей балдар жана пубертат мезгилиндеги өспүрүмдөр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндөгү жүз миллиондогон балдар анемия менен оорушат. Ал эми 3 жашка чейинки балдардын болжол менен жарымы темир жетишсиздигине дуушар болушат.
Анемиянын негизги белгилери:
- Теринин, өңдүн бозорушу;
- Жалпы алсыздык;
- Теринин кургашы;
- Тез чарчоо;
- Баш айлануу;
- Баш оору;
- Даам жана жыт сезүүнүн өзгөрүшү.
Анемиянын негизги себептери:
- Баланын 3 жашка чейин тез өсүшү;
- 6 айдан кийин темирди тамактардан аз алышы;
- Эненин кош бойлуулук учурундагы темир жетишсиздиги.

Дарыгердин айтымында, анемияны өз убагында аныктоо үчүн балдарды 6 айында, 1 жашында, 2 жашында, мектепке кирерде жана жыныстык жактан жетилүү мезгилинде кан анализин тапшыртып туруу зарыл.
Эгер анемия аныкталса, дарыгер тийиштүү дары-дармектерди жазып, тамактанууну тууралоо боюнча сунуштарды берет. Рацион тең салмактуу болуп, анда жашылчалар, жемиштер жана эт болушу керек.
Ошондой эле өспүрүмдөрдө анемияны аныктоо үчүн 15–16 жашка чейин пландалган медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүү маанилүү.