Балдар жазуучусу өзүнүн китебин мектептерге киргизүүнү сунуштады

Билим 9 октябрь 2025 10:05
Балдар жазуучусу өзүнүн китебин мектептерге киргизүүнү сунуштады

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевди кабыл алды.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу учурунда Сулайман Рысбаев өзүнүн жаңы эмгеги — кичинекей курактагы балдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» аттуу китебин көрсөтүп, анын бир нускасын министрликке белек катары тапшырды.

Тараптар аталган китепти билим берүү мекемелеринде — мектептерде жана бала бакчаларда — колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Догдуркул Кендирбаева бул чыгарма «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасын ишке ашырууда жана өсүп келе жаткан муундун арасында кыргыз маданий мурасын даңазалоодо маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи",-деп айтылат маалыматта.