Балдар онкологиясынын бейтаптарына дары-дармек жана жабдуулар берилди

Ден соолук 17 Февраль 2026 15:19
52313866851557.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52313866851557_2IvYkcN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52313866851557_MH3l5aE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52313866851557_w6Ft0cR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Эне жана баланы коргоо улуттук борбору

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Help the Children - SKD коомдук кайрымдуулук фонду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн бейтаптарына 740 миң сомдук дары-дармек, жабдуу жана китептерди тапшырды.

Онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулардан жабыркаган балдарга жардам берүүчү фонддон белгилегендей, анын ичинде:

  • оорукананын өтүнүчү менен сатып алынган 235 миң 327 сомдук маанилүү дары-дармектер;
  • 3 кондиционер;
  • 3 кычкылтек концентратору;
  • 213 миң 468 сомдук 7 порт-система;
  • 50 миң сомдук кан препараттарына жана канга акы төлөндү.

15-февраль — Эл аралык рак менен ооруган балдар күнүнө карата уюштурулган акциянын максаты балдарга көңүл буруу, камкордук жана жылуулук тартуулоо, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн балдар онкологиясынын көйгөйлөрүнө буруу болуп саналат.