Катуу сөгүштөн кызматтан алууга чейин: Виктория Мозгачева баштаган жетекчилер жазаланды

Коом 2 июнь 2026 16:30
715198373_1473045291537987_9136753859420002223_n.jpg
712410480_1473045268204656_725888349587191100_n.jpg
712469294_1473045264871323_8552550209907068714_n.jpg
Алдыга
Артка
715198373_1473045291537987_9136753859420002223_n.jpg
712410480_1473045268204656_725888349587191100_n.jpg
712469294_1473045264871323_8552550209907068714_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чарадагы кемчиликтер үчүн жооптуу кызматкерлерди жазалады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чара учурунда майрамдын форматына жана тематикасына ылайыксыз музыкалык чыгармалардын жаңырганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрүлгөн тартиптик чаралар:

  • Виктория Мозгачева (мэрдин орун басары) — катуу сөгүш берилди;
  • Назгүл Мекешова (Маданият башкармалыгынын башчысы) — сөгүш жарыяланды;
  • Урмат Белекбаев (Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары) — ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, аянтта диджей (DJ) катары өнөр көрсөткөн Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылды. Ага карата мыйзам чегинде кошумча чаралар көрүлөт. Ошондой эле бул музыкалык топтомду даярдоого жооптуу болгон педагогду ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди.

"Мэрия бул катачылыкка жол берген калган аткаруучулар жана кызмат адамдары да аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады",-деп айтылат маалыматта.