Телефонго тигилип, сааттап интернет оюндарын ойноо — бүгүн көпчүлүк балдардын көнүмүш адатына айланды. Free Fire, PUBG, Roblox, Minecraft сыяктуу оюндарга кызыккан балдар кээде күнү-түнү экрандан ажырай албай калууда. Бул көрүнүштүн арты эмне менен бүтөт? Интернет оюндар пайда алып келеби же зыяны көбүрөөкпү? Бул суроолорго бүгүн адистер жооп беришет.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, балдар социалдык тармактарга же мессенджерлерге кирген сайын кибербуллингге жана теңтуштарынын башка дагы зордук-зомбулуктарына кабылышы мүмкүн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, интернетке жогорку деңгээлде туташкан өлкөлөрдө балдар онлайн агрессияга көбүрөөк туш болушат. Бирок кээ бир өлкөлөр бул коркунучтарды минималдаштырууга жетишкен.
"Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин "Алымбек датка" лицейинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Талантбек Маматов педагогикалык практикада күбө болгон окуяны айтып берди.

“Жакында эле бир окуучунун тартиби менен окуусу начарлап, акыркы күндөрү маанайсыз болуп, окуудан кача баштаган. Бул маселени териштирүү үчүн ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүздүк. Алар да бул өзгөрүүнү байкашыптыр. Көрсө, бала интернеттеги оюндарды ойноп, акы төлөнүүчү тиркемелерге катталып, аларга акча коротуп жаткан экен. Өзүнүн акчасын уттуруп эле тим болбостон, эжесинин картасын да улап көп суммадагы акчаны алдырыптыр.
Бул окуянын маңызы эмнеде? Бүгүнкү күндө интернет оюндар балдардын окуусуна гана эмес, психикасына, ден соолугуна, убактысына жана жаштыгына терс таасирин тийгизип жатат. Алардан балдарды толук коргой албайбыз. Аракет кылуу да натыйжа бербейт. Анын ордуна балдарга эрте жаштан финансылык жана медиа сабаттуулукту үйрөтүү маанилүү. Интернетти туура жана чектелген убакытта колдонууга, алданып калбоого, маалыматтарды айырмалап кабыл алууга үйрөтүү керек”,-дейт ал.
Ал ошондой эле баланы калыптандыруучу жолдорду да айта кетти.
“Эрте жаштан эмгекке, өнөргө үйрөтүү, спорттук жана маданий иш-чараларга катыштыруу, кызыккан тармагына жараша кружокторго жана курстарга берүү - баары балага активдүү жашоо тажрыйбасын берет. Бул учурда балага көзөмөлчү эмес, сырдаш катары мамиле кылуу маанилүү. Андай болбосо, бала үйдө, досторунун арасында же коомдо өз ордун таба албаган учурда, виртуалдык дүйнөгө качууга аргасыз болот",-деди.

Ал эми балдар психологу Илдар Акбутин интернет жана андагы оюндардын балдарга тийгизген таасирин төмөндөгүчө түшүндүрөт.
Позитивдүү таасирлер
Бүгүнкү күндөгү кесиптер заманбап технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн талап кылгандыктан, оюндар балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, командада иштөө тажрыйбасын, эмоционалдык чыңалууну жеңүү жөндөмүн жана башка көптөгөн сапаттарды өнүктүрөт.
Негативдүү таасирлер
Балдарда реалдуулукту иллюзиялуу кабыл алуу пайда болушу мүмкүн. Атап айтканда, кадимки жашоодогу көйгөйлөрдү чече албаган кезде алар онлайн дүйнөгө качып киришет, анткени ал жак жеңилирээк жана ыңгайлуу көрүнөт.
Бала көп убакыт телефон колдонгондо – чарчап, оюн топтой албай, эмоционалдык жактан жабыркайт. Кыжырланып, тынчсызданып, укташы кыйын болот. Балдардын психикасы жеңил козголгондуктан, оюндардагы күчтүү стимулдар аларды турмуштагы кадимки иштерге кызыкпай, телефон жок өзүнө орун таба албаган абалга жеткирет. Алар тез зеригип, телефонго эмоционалдык жактан көз каранды болуп калышат.

“Менин кардарларымдын арасында ал тургай, апасы телефонун бербей койгондугу үчүн чоң телевизорду талкалап салган баланын окуясы катталган”,-дейт ал.
Психолог ошондой эле ата-энелер бала тарбиясында эки чоң катаны көп кетирерин белгилейт.
Баладан алыстоо
Көбүнчө иштеген ата-энелер чарчап келип, үйдө эс алгысы келет. Мындан улам, баланын телефон менен тынч отурганы аларга ыңгайлуу болот. Мен телефонду “пластик эне” деп атап коем. Себеби, ал эч качан “чарчадым” дебейт. Дайыма жанында, дайыма “ойнойлу” деп турат. Бирок кийин ата-эне баланы “пластик энесинен” ажыратканда, балада ачуулануу менен каршылык көргөзүү пайда болот.
Телефонду алып коюп, анын ордуна эч нерсе бербөө
Мындай учурда баланын муктаждыктары толбой калат. Психологияда муну көңүл буруунун жетишсиздиги (СДВГ) дейт. Натыйжада мындан баланын да, ата-эненин да жашоосу оорлошот.

“Ата-энелер энергиясын туура бөлүштүрүп, иштен кийин да балага убакыт бөлүү маанилүү экенин түшүнүшү керек. Бала тарбиялоо - бул жумуш жана ал сиз иштеген жумуштан да маанилүүрөк. Эгер сиз балаңыздын телефонго болгон көз карандылыгын азайткыңыз келсе, бала менен чогуу аны чындап кызыктырган иштер менен алектенгиле. Мисалы, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, сүйлөшүү, сейилдөө ж.б.
Балаңыз үчүн жакын дос, колдоочу жана боорукер адам болуңуз. Ошондо ал телефонго эмес, сизге көбүрөөк тартылат”,-деп белгилейт ал.
Бишкек шаарынын тургуну Назира Жураеванын 13 жаштагы уулу бар. Ал мындан 3–4 жыл мурун уулунун интернет оюндарын өтө көп ойноп жатканын убагында байкап калганын айтат.

“Бир оюнду калтырууга уруксат берип калгандарын өчүрткөм. Себеби, алар коркунучтуу, азгыруучу, ар кандай буйруктарды аткарууга үндөгөн оюндар эле. Телефонун алып койгон учурда калтырап, эмоциясын кармай албай калчу.
Баламдын бул абалын байкагандан кийин отургузуп алып анын жаман-жакшы жактарын түшүндүргөм. Учурда айрымдарын гана көргөнгө уруксат бар. Жалгыз бой эне катары мага иштөөгө туура келет. Кээде бошобой, байкабай калган учурларым болот. Убактысын текке кетирбесин деп илим, технология өнүгүп жаткан мезгилде жасалма интеллект боюнча курска жаздырдым. Учурда нейро түйүн аркылуу видеолорду жасап калды. Мектептен сырткары китеп окуйт, жумасына үч жолу англис тили курсуна жана күрөшкө барат”,-дейт Жураева.

Ошондой эле айти адиси Бектен Ажымырза учурда балдар арасында популярдуу болуп жаткан Dota, GTA 6, Counter Strike сыяктуу оюндар жөнүндө айтып берди.
Адистин айтымында оюндардын балдардын өнүгүүсүнө, код, программа жазууну үйрөнүүгө жардам берген пайдалуу жактары да бар. Ал эми айрымдары согушка, кылмыштуулукка үйрөтүшү ыктымал. Аларды көргөн балдар адам өлтүрүүнү нормалдуу эле көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн.
"Дүйнө жүзүндө балдар дагы, чоңдор дагы ойногон популярдуу оюндар бар. 10 млн долларга чейин акча каражатын байгеге койгон Dota оюну буга мисал. 2026-жылы анын жаңы версиясы чыгарын жана бюджети 2 млрд доллар болорун белгилешүүдө.
Ал эми бул башкы максаты - акча табуу. Баштапкы оюндарын бекер чыгарышат дагы, адам топтогондон кийин акылуу кылып коюшат. Кызыгып калгандар сатып алууга өтүшөт. Андан сырткары арасынан жарнамалар да көргөзүлүп турат.
Пайдалуу оюндар көп учурда анчейин популярдуу болбойт",-дейт ал.
Ошондой эле адис белгилегендей, онлайн оюндардын дагы бир кооптуулугу бар. Балдардын жеке маалыматтары уурдалышы мүмкүн жана алар кооптуу адамдардын таасирине кабылып калышы ыктымал.
"Ошол себептен балдардын интернеттеги убактысын чектөө жана коопсуздугун камсыздоо маанилүү. Ата-энелер баланын телефону же планшетин көзөмөлдөп, Parental control сыяктуу атайын программаларды колдонуп, убакыт чектөөлөрүн койсо болот,”-деп кошумчалайт адис.