Баланы китеп окууга кантип үйрөтүү керек? Балдар жазуучусу менен маек

Маек Загрузка... 04 Ноябрь 2025 17:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Балдар үчүн жазылган китептер алардын акылын, жан дүйнөсүн байытып, фантазиясын өнүктүрүп, ой-өрүшүн кеңейтет. Китеп менен чоңойгон балдар өз алдынча ой жүгүртүүгө, жоопкерчиликти сезүүгө жана жаркын келечекке умтулууга даяр болушат. Мына ушундай кооз дүйнөнү балдарга тартуулоого шарт түзгөн авторлордун бири — белгилүү балдар жазуучусу Айдай Бекбоева. Бүгүн ал “Кабар” агенттигине китептер дүйнөсү, ал аркылуу балдарды китеп окууга кызыктыруу аракеттери жана балдар үчүн жазылып жаткан өзүнүн китептери тууралуу айтып берди.

Баланын тарбиясында китептин кандай орду бар?

— Китептин орду абдан чоң. Анткени ал баланын ички дүйнөсүн байытып, сезимин, ой жүгүртүүсүн жана тилдик маданиятын калыптандырат. Китеп аркылуу бала жакшы менен жаманды айырмалоону, боорукер болууну, эмгекти баалоону жана адамдар менен туура мамиле түзүүнү үйрөнөт. Ар бир жомок же окуя — бул жаш окурман үчүн жашоонун кичинекей сабагы.

Балдар адабияты коомдун руханий өнүгүшүнө кандай таасирин тийгизет деп эсептейсиз?

— Жалпысынан алганда, балдар адабияты коомдун руханий өнүгүшүнө зор таасир тийгизет. Ал жаңы муунду адамгерчиликке, адеп-ахлакка жана өз элинин маданиятын билүүгө үндөйт. Балдар китеби — бул келечек муундун аң-сезимин калыптандырган күзгү. Эгер коомдун балдары китеп окуп, каармандар аркылуу жакшы сапаттарды өздөштүрсө, анда коом өзү да руханий жактан байып, боорукер жана билимдүү муун өсөт.

Бүгүнкү күндө көпчүлүк балдар китептен алыстап, көбүнчө телефон жана санариптик дүйнө менен жашап калышты. Аларды кантип китеп окууга кызыктырууга болот?

— Бүгүнкү күндө балдар убактысынын көбүн телефондо өткөрүп жатышат. Аларды китеп окууга кызыктыруу үчүн китеп окууну оюнга айлантуу, жомокторду сүрөт, комикс же ролдук оюндар аркылуу жандандыруу маанилүү. Электрондук жана аудиокитептерди колдонуу да заманга ылайык ыкма болуп саналат. Эң негизгиси – чоңдор өзү үлгү болгону туура. Мисалы, балдар менен бирге убакыт өткөрүү жана окуу. Алардын кызыгуусуна жараша китеп тандап берүүсү маанилүү. Ошондо китеп окуу баланын сүйүктүү жана кызыктуу адатына айланат.

Азыркы мезгилде балдарды китепке кызыктыруу үчүн китептин мазмуну менен бирге анын формасы жана көркөм ички жана тышкы жасалгасы да чоң роль ойнойт.

Интерактивдүү китептер – ачылуучу терезелери, жылма элементтери, тактилдик же жашыруун бөлүктөрү бар китептер. Балдар үчүн бул “оюн аркылуу окуу” тажрыйбасын жаратат.

Pop-up китептер – баракты ачканда сүрөттөр үч өлчөмдүү болуп чыгат. Бул ыкма жомокторго жана жаныбарлар дүйнөсүнө ылайыктуу.

Аудио жана QR-код кошулган китептер – барактагы кодду сканерлеп, каарманды угууга же видеону көрүүгө болот.

Комикс жана графикалык жомоктор – тексти аз, сүрөтү көп болуп окуяны тез кабылдоого жардам берет.

Кичинекей китептер же сериялык жыйнактар – ар бир бөлүгү кыска, бирок уландысы бар окуялар баланы кызыктырып “кийинкисин окуйм” деген сезимди жаратат.

- Чыгармаларыңыз аркылуу балдарга кайсы баалуулуктарды жеткирүүнү максат кыласыз?

— Чыгармаларым аркылуу балдарга адамдык жана улуттук баалуулуктарды жеткирүүнү максат кылам. Ар бир жомок, окуя же каарман аркылуу мен боорукерликти, эмгекчилдикти, достукту, чындыкты айтууну жана табиятты сүйүүнү үйрөтүүгө аракет кылам. Ошондой эле кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, эне тилге болгон сүйүүнү жана өз тамырына сый-урмат сезимин ойготуу маанилүү деп билем. Балдар жомок аркылуу жакшылык менен жаманды айырмалоону, өзүнүн ички дүйнөсүн байытып, боорукер жана ак ниет адам болууну үйрөнүшүн каалайм.

Жакында чыга турган жаңы китептериңиз барбы? Алар эмне жөнүндө болот жана кайсы темаларды камтыйт?

— Албетте, бар. Агартуу министрлигинин буйрутмасы менен тили жаңыдан чыгып келе жаткан 2-3 жаштагы жана ошондой эле 6-8 жаштагы балдарга китептер даярдалууда.

Андан сырткары мектеп жашындагы балдар үчүн кыргыз элинин улуттук материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүү максатында кыргыз баалуулуктары тууралуу китептер даярдалып бүттү. Алар балдарга улуттук мурастарды таанытып, сыймыктануу сезимин ойготууга тийиш. “Манас, Семетей, Сейтек” эпостору кыскача түрүндө, балдарга ылайыкталып, сүрөттөр менен шөкөттөлүп жасалууда. Тогуз коргоол оюну, ак калпак, боз үйдүн жасалгасы, кыргыз оюулары, шырдак, ала кийиз, комуз ж.б. сыяктуу баалуулуктар да бар. Китептер иллюстрациялуу, кызыктуу жана кыргыз тилинде жазылып, оюн түрүндө, жомок, уламыш жана каармандардын окуялары аркылуу берилди. Буюрса балдар өз маданиятын сүйүп, аны сактоонун маанисин түшүнүшөт деген тилектемин.