“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга 192 миң арыз келип түштү

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 12:20
photo_5447133943384709221_y.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда июль айына карата “Бала ырысы” жөлөк пулун алуу үчүн 192 миң арыз түштү. Бул тууралуу “Элден собол” берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адел Жоомартова билдирди.

Анын айтымында, арыздардын 83%ы “Түндүк” тиркемеси аркылуу, калган 17% арыз кагаз түрүндө келген.

“Бул сандар жарандарыбыздын санарип форматта арыз берүүгө артыкчылык бергенин көрсөттү. “Бала ырысы” жөлөк пулун алуу үчүн арызды электрондук түрдө берүү жарандарга ыңгайлуу шарттарды түздү”, - деди ал.