"Бала ырысы" жөлөк пулун алгандардын саны 252 миңден ашты

Коом 6 октябрь 2026 10:45
"Бала ырысы" жөлөк пулун алгандардын саны 252 миңден ашты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. 2026-жылдын октябрь айында "Бала ырысы" жөлөк пулун алуучулардын саны 252 699 адамга жетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Программа ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өсүп жатат. 2026-жылдын июль айында жөлөк пул 191 796 алуучуга каралган болсо, сентябрда 232 529, октябрда 252 699 адамга жеткен.

"Июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 903 адамга, же 31,8%га көбөйдү. Сентябрь айына салыштырмалуу өсүш 20 170 адамды, же 8,7%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Буга жараша каржылоонун көлөмү да көбөйүүдө. 2026-жылдын сентябрь айында жөлөкпул төлөөгө 285 млн 588 миң 480 сом каралган болсо, октябрь айында 310 млн 535 миң 520 сом которулган.