Баткенде 18,8 миң бала “Бала ырысы” жөлөк пулун алууда

Аймак 12 октябрь 2026 16:15
Баткенде 18,8 миң бала “Бала ырысы” жөлөк пулун алууда

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баткен облусунда 9 миң 481 балага ай сайын 3 миң сомдон, ал эми 18 миң 815 балага 1 миң 200 сомдон жөлөк пул берилүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактардагы өзгөчө макамы бар айрым чек арага чектеш калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул белгиленген.

Облуста 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта бул жөлөк пулду 9 миң 481 бала ала баштады. Ага республикалык бюджеттен ай сайын 28,8 млн сом бөлүнүүдө.

“Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-июлунан тарта киргизилген “Бала ырысы” жөлөк пулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, төрөлгөндөн үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 миң 200 сом өлчөмүндө берилет. Учурда бул төлөмдү облустагы 18 миң 815 бала алып, ага республикалык бюджеттен ай сайын 24,6 млн сом каралууда”, - деди Жапаров.