Педиатрлар жана саламаттык сактоо тармагындагы адистер тең салмактуу тамактануу жана үзгүлтүксүз дене көнүгүүлөрү баланын организминин шайкеш өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгилешет. Бул факторлор бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, ондогон жылдарга созула турган жашоонун жогорку сапатын калыптандырат. Көптөгөн ата-энелер балдарын спортко жана пайдалуу тамак-ашка көндүрүүгө умтулушат, бирок ишти эмнеден баштоону дайыма эле биле беришпейт. Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Жамийла Анакеева өсүп келе жаткан муун үчүн дени сак чөйрөнү түзүү боюнча өз сунуштарын “Кабар” агенттигине айтып берди.

Адистин айтымында, эгерде ата-энелер баласынын дени сак болуп өсүшүн кааласа, анда жашоосунун алгачкы айларынан тартып анын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Жашоонун алгачкы 6 айында бала үчүн эң туура вариант — бул жалаң гана эне сүтү менен багуу. Эне сүтү наристенин азыктануудагы муктаждыктарын толук камсыздап, иммунитетинин калыптанышына көмөктөшөт. Алты айлык курактан өткөндөн кийин акырындап кошумча тамактар бериле баштайт. Жаңы азыктар баланын даярдыгын жана адистердин сунуштарын эске алуу менен этап-этабы менен кошулат. Мында өз өлкөбүздө өндүрүлгөн продукцияларга артыкчылык берген жакшы, анткени алар көнүмүш рационго жана сактоо шарттарына туура келет. Кайсы өлкөдө өндүрүлгөнүнө карабастан, шектүү сапаттагы азыктардан качуу жана балдар тамак-ашынын курамына кылдат мамиле кылуу маанилүү.

“Жаңы төрөлгөн ымыркайлар бат-баттан тамактанышат. Эне сүтү менен бакканда тамактандыруунун саны суткасына 10-12 жолуга чейин жетиши мүмкүн. Бул эне сүтүнүн жеңил жана тез сиңгендиги, ошондой эле наристенин ашказанынын көлөмү кичинекей болгондугу менен байланыштуу, ошондуктан бала аз-аздан, бирок бат-баттан жейт. Бала чоңойгон сайын ашказанынын көлөмү чоңоюп, тамак сиңирүү системасы жетилет жана тамактандыруунун ортосундагы убакыт акырындап узара баштайт. Бир жашка келгенде тамактануу режими адатта суткасына 5 маалды түзөт: эртең мененки, түшкү, кечки тамак жана эки жолу жеңил шам-шум этүү. Бир жаштан кийин жана мектепке чейинки куракта балдар, эреже катары, күнүнө 3-4 негизги тамактанууга жана 2-3 жолу кошумча азыктанууга өтүшөт”, - дейт Жамийла Анакеева.
Баланын жашоосунун биринчи жылында этти пюре түрүндө берүү сунушталат: мындай консистенция оңой сиңет жана наристе үчүн коопсуз. Бир жаштан кийин, бала жакшы чайнаганды үйрөнүп калганда, акырындап коюураак тамактарга — котлет жана тефтели сыяктуу азыктарга өтүүгө болот. Рацион канчалык ар түрдүү болсо (өзгөчө жашылча-жемиштердин эсебинен), баланын өсүп-өнүгүүсү жана туура тамактануу адаттарынын калыптанышы үчүн ошончолук пайдалуу. Мындай тамактануу организмди керектүү витаминдер, минералдар жана башка азыктандыруучу заттар менен камсыз кылууга жардам берет.
Алсак, педиатрдын сунушу боюнча, эртең менен бала ойгонгондон кийин ага тез сиңүүчү тамактарды, мисалы, ар кандай дан өсүмдүктөрүнөн жасалган ботколорду берген жакшы. Алар организмди энергия менен камсыз кылып, тамак сиңирүүнү акырын ишке киргизет жана көпкө чейин ток кармайт. Ал эми түшкү тамак толук кандуу жана тең салмакталган болушу керек. Ага төмөнкүлөрдү кошуу сунушталат:
- жаңы бышкан жашылча-жемиштер — витаминдердин, клетчатканын жана антиоксиданттардын булагы;
- майсыз эт, канаттуулардын эти жана балык — белоктун, темирдин жана омега-3 май кислоталарынын негизги булагы;
- сүт жана кычкыл сүт азыктары — сөөктөр менен тиштердин өсүшү үчүн зарыл болгон кальцийдин булагы;
- жумуртка — баалуу белоктун жана витаминдердин булагы;
- бүтүн дан өсүмдүктөрү — татаал углеводдордун жана клетчатканын булагы;
- чанактуулар жана жаңгактар (жашын жана аллергиясы жоктугун эске алуу менен) — өсүмдүк белогунун, пайдалуу майлардын жана минералдардын булагы.

“Мектепке чейинки курактагы (6 жашка чейинки) балдар акырындап үй-бүлөлүк жалпы дасторконго өтө алышат. Бирок тамактануу режими жеңил бойдон калышы керек: майлуу, куурулган, ачуу, ышталган жана ашыкча туздуу тамактарды көп берүү сунушталбайт. Ошондой эле газдалган суусундуктарды жана жылуулук менен иштетүүдөн (бышыруудан) начар өткөн эт тамактарын рациондон чыгаруу зарыл. Эт азыктарынын сапатына жана анын бышуу деңгээлине өзгөчө көңүл буруу керек. Балдарга шишкебек, кандуу стейк жана башка жетиштүү бышпаган эттерди жегенге болбойт. Чала бышкан эт ар кандай мите (паразит) жана жугуштуу оорулардын булагы болушу мүмкүн.
Медициналык практикада айыл чарба малдары менен байланышта болбогон жана үй жаныбарлары жок шаардык балдар арасында да мите ооруларын, анын ичинде эхинококкозду жуктуруп алган учурлар кездешет. Кийинчерээк мунун себеби баланын тамак-ашында чала бышкан эттин болгондугунан экени көп учурда аныкталып чыгат”, — дейт Жамийла Анакеева.
Анын айтымында, баланын тамак-ашынан фастфудду толугу менен алып салуу керек. Мындай тамактарда туздун, канттын, каныккан майлардын, даам күчөткүчтөрдүн жана башка кошулмалардын өлчөмү өтө көп. Алар балада кескин даамдарга карата көз карандылыкты пайда кылып, тамакка болгон табигый каалоолорун бузат. Бир жашка чейин кант менен тузду такыр бербөө сунушталат. Канттын ашыкча болушу кандагы глюкозанын деңгээлинин кескин өзгөрүшүнө алып келет. Мындан тышкары, тез сиңүүчү углеводдор уйку безине кошумча күч келтирип, зат алмашуу процесстеринин туура эмес калыптанышына шарт түзүшү мүмкүн.
Балада кичинекей кезинен тартып таң салмактуу тамактануу адатын калыптандыруу абдан маанилүү. Бала табигый азыктарга канчалык эрте көнсө, келечекте дени сак тамактануу каалоолорун сактап калуу ошончолук жеңил болот. Мындан тышкары, баланын эмне жегени гана эмес, тамактын кандай даярдалганы да чоң мааниге ээ экени аныкталды. Балдардын тамагын даярдоодо тазалыкты жана гигиена эрежелерин сактоо өзгөчө маанилүү. Кичинекей балдардын ашказанынын коргоочу механизмдери али жетиле элек, ошондуктан алар сапатсыз азыктарга өтө сезимтал келишет жана тамак сиңирүүнүн бузулушуна тез кабылышы мүмкүн. Тамак даярдоодо аярлуу ыкмаларга — сууга бышырууга, демдеп бышырууга жана бууга бышырууга артыкчылык берүү зарыл.

“Ошондой эле ичүүчү суунун режимин сактоо, балага жетиштүү өлчөмдө суу берүү жана ашыкча тамак бербөө маанилүү. Балага тамак ичердин алдында колду самын менен жууп, андан кийин гана дасторконго отуруу керектигин өз мисалыбызда көрсөтүшүбүз зарыл. Мындай жөнөкөй адаттар тамактануу маданиятын калыптандырууга жардам берет. Эгер наристе өз алдынча тамактанууга умтулса, бул каалоосун колдоп, ага жардам берүү жана шыктандыруу керек. Дасторкон үстүндөгү өз алдынчалык моториканын өнүгүшүнө жана тамак ичүүгө карата позитивдүү мамиленин жаралышына өбөлгө түзөт”, — дейт башкы дарыгердин орун басары.
Баланын өсүп-өнүгүүсүндө физикалык активдүүлүк төрөлгөндөн баштап эле негизги ролду ойнойт. Ымыркайдын жашоосунун алгачкы айларында эле ал менен үзгүлтүксүз гимнастика жасап, массаж жасоо маанилүү. Бул процедуралар булчуңдарды чыңдоого, кан айланууну жакшыртууга жана дене түзүлүштүн туура калыптанышына жардам берет.
“Бала жигердүү кыймылдай баштаганда, негизги көңүл активдүүлүктүн табигый формаларына: сойлоп жүрүүгө, оодарылууга, басууга жана курагына ылайыктуу оюндарга бурулат. Ошондой эле оюнчуктарды туура тандоо да маанилүү. Алар коопсуз жана баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу болушу керек”, — деп бөлүшөт Жамийла Анакеева.
Адистин айтымында, туруктуу физикалык активдүүлүк күндүн туура тартибин калыптандырууга жардам берет. Балдар физикалык активдүүлүк үй-бүлөлүк жашоонун табигый бөлүгү экенин көргөндө, алар өздөрү да спорт менен үзгүлтүксүз алектенип, дени сак жашоо образын баалай башташат.

Мындан тышкары, эксперт балдарга гаджеттердин алдында күнүнө 30-60 мүнөттөн ашык убакыт коротпоону сунуштайт. Экран алдында ашыкча убакыт өткөрүү көбүнчө кыжырданууну, аз кыймылдуу жашоо образын жана D витамининин жетишсиздигин шарттайт. Ошондой эле балдардын кунт коюусу төмөндөп, реалдуу жашоодон алыстап калышат. Ошондуктан эрежелерди эң башынан эле белгилөө маанилүү:
- гаджеттерди колдонуу убактысын чектөө жана алардын мазмунун көзөмөлдөө;
- бош убакытты жигердүү өткөрүүгө: таза абада сейилдөөгө, спорттук ийримдерге барууга шыктандыруу;
- техниканы колдонууда дени сак жүрүм-турумдун жеке үлгүсүн көрсөтүү.
"Көйгөйдү кийин оңдоого аракет кылганга караганда, анын алдын алуу алда канча оңой. Эрте алдын алуу жана ата-эненин көзөмөлү балада дени сак адаттарды жана эмоционалдык бакубаттуулукту калыптандырууга жардам берет", — деди эксперт.