Ар бир баланын төрөлүшү – үй-бүлө үчүн кубаныч жана коом үчүн жоопкерчилик. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үй-бүлөнүн туруктуулугун жана балдардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында балдардын бакубат чоңоюшу үчүн жөлөк пул төлөп келишет. Кыргызстан дагы жаңы төрөлгөн балага берилүүчү жөлөкпулду - “Бала береке” бир жолку төлөмүн киргизүү алдында турат. Ал жаш үй-бүлөлөргө колдоо болуп, алардын балалуу болушуна дем берип, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык өсүшкө да өбөлгө түзөт.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарында туруктуу жашаган энелерге (өлкө жарандарына жана кайрылмандарга) арналган “Бала береке” бир жолку төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыгына ылайык, жөлөк пул төртүнчү баладан баштап берилет. Өлкө башчысы тийиштүү мыйзамга кол койду.
Атап айтканда мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, бирок жөлөк пул бала 1 жашка толгондо берилет.

Бул мыйзамдын максаты калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды өнүктүрүү болуп саналат.
7-октябрда "Бала береке" бир жолку төлөмүн берүү тартибин бекитүү жөнүндөгү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Ага ылайык, "Бала береке" бир жолку төлөмүнүн өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленген:
- 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
- 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;
- 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
- 7-балага – 1 000 000 (бир млн) сом;
- 8-балага – 1 200 000 (бир млн эки жүз миң) сом;
- 9-балага – 1 500 000 (бир млн беш жүз миң) сом;
- 10 жана андан көп балага – 2 000 000 (эки млн) сом.
Каржылоо булагы республикалык бюджет болуп саналат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча президенттик администрациянын жетекчилиги алдында төлөм механизмдери иштелип чыкты. Ага ылайык, документтерди тапшыруу эки жол менен жүргүзүлөт:
“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу, эгерде эненин мүмкүнчүлүгү болсо; же министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө барып тапшыруу жолу менен. Бул үчүн минималдуу документтер тизмеси каралган.

Андан сырткары мыйзамдагы критерийлерге ылайык, төлөмгө арыз берүүчүлөр бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында 2 жылдан кем эмес туруктуу жашаган болушу керек. Ошондой эле аталган жерлерде вахталык метод менен иштеген иштерге, сезондук жумуштарга тартылган кызматкерлерге/кызматкерлердин жубайларына жайылтылбайт.
Ошондой эле арыз берүүдө балдардын төрөлүү тартибин эсепке алууда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар болсо мурда каза болгон балдар эсепке алынат.
Бала бир жашка чыкканга чейин энеси каза болгон (өлгөн) учурда баланын атына бала бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.
Белгилей кетсек, министрликтин маалыматы боюнча Кыргызстандагы 430 калктуу пункт бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирди.

Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Абдикайым Жусубалиев бул демилге өлкөдөгү демографиялык абалды бекемдөөгө жана аны туруктуу кармап турууга өбөлгө түзөт деп эсептейт.
Президенттин бул жарлыгынын максаты – көп балалуу жарандарды колдоого алуу. Азырынча Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бийик тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарда жашагандарга гана жөлөк пул төлөп берүү алдында турат. Себеби, бул белгиленген жерлерде адамдардын саны аз. Ички жана тышкы миграция жогору. Мисалы, Баткендин чер арага жакын жайгашкан аймактарын ала турган болсок, чек ара жаңжалдарынан кийин ал жерлерден көпчүлүк көчүп кетти. Өлкөгө тийиштүү аймак болгондон кийин бул жерлерде жарандар жашашы керек. Мына ушундай зоналардагы калктын санын көбөйтүү үчүн бул абдан туура чечим болуп саналат”,-деди.
Ошондой эле ал "Бала береке" бир жолку төлөмүнүн өлкөдөгү демографиялык абалга тийгизе турган таасирине да токтоло кетти.

“Өлкөдө төрөлгөндөрдүн саны өлгөндөрдүн санына караганда жогору болуп, учурда табигый өсүү сакталууда. Бирок, мунун темпи төмөндөп, 2050-жылдарга барганда стагнация (төмөндөө) болуу коркунучу бар. Мисалы, Россия “эне капиталын” киргизүү менен демографиялык абалды оңдоду. Алар кайрадан табигый өсүүгө чыгышты.
Бизде токтоп калган жок жана Европалык өлчөмдөр менен караганда жакшы болуп саналат. Мындан улам бул тенденциянын алдын алуу чараларын жүргүзүп баштаганыбыз туура. Ошондуктан, бул жөлөк пул чечими өз убагында кабыл алынып жатат. Келечекте мамлекеттин, экономиканын өнүгүшү менен өлкөдөгү жалпы балдарга жөлөк пулдар берилип баштайт деп ишенем”,-деди ал.