Бала бакчалар үчүн атайын билим берүү программалары иштелип чыгууда

Билим 31 Июль 2025 15:00
20170904_110317-500x375.jpg
514355510_1186556423518100_2745705441553082391_n.jpg
514410597_1186556293518113_4900694344412213303_n.jpg
515493926_1186556426851433_1356010716613884573_n.jpg
525240635_1186556300184779_8354280582770751761_n.jpg
525242190_1186556310184778_2194347278566830128_n.jpg
525690435_1186556406851435_7493158198840458760_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын адаптацияланган билим берүү программасын жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга бирдей жана толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инклюзивдик билим берүү программасын иштелип чыгууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программаларды иштеп чыгууга Агартуу министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ – Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана бала бакчалардын логопеддери, дефектологдору жана башка адистер тартылган.

Министрликтин бул демилгеси билим берүүдө инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.