Бала бакчадагы билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүлөт

Билим Загрузка... 02 Сентябрь 2025 17:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бала бакчадагы билим берүүнүн сапатына пилоттук мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2-сентябрдан 12-сентябрга чейин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын IDELA эл аралык методикасынын негизинде пилоттук мониторингден өткөрөт. Ага Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Сокулук районундагы 15 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 300гө жакын баласы камтылат.

Мониторинг “Алтын Казык” программасынын жана жалпы билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү иштеринин алкагында жүзөгө ашырылууда.

Изилдөө мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан балдардын өнүгүүсү, билим алуусу жана коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан шарттарды объективдүү баалоо жана эл аралык методиканын Кыргызстандын шарттарына шайкештигин текшерүү максатын көздөйт.

№59 бала бакчанын директору Раушан Ыманованын айтымында, педагогдор IDELA куралын апробациялоонун алкагында даярдыктан өттү.

Белгиленгендей, 2025-жылдын октябрь айында ушул пилоттун негизинде улуттук деңгээлдеги кеңири мониторинг жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары балдардын мектепке даярдыгын баалоого, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө, тарбиячылардын даярдыгын жогорулатууга жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоонун бирдиктүү системасын түзүүгө өбөлгө болот.