Бакыт Төрөбаев Жумгалдагы темир-бетон чыгарган заводдун иши менен таанышты

Аймак 16 Май 2025 10:10
photo_5274098777701086641_y.jpg
photo_5274098777701086638_y.jpg
photo_5274098777701086643_y.jpg
photo_5274098777701086645_y.jpg
photo_5274098777701086646_y.jpg
photo_5274098777701086647_y.jpg
photo_5274098777701086649_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5274098777701086641_y.jpg
photo_5274098777701086638_y.jpg
photo_5274098777701086643_y.jpg
photo_5274098777701086645_y.jpg
photo_5274098777701086646_y.jpg
photo_5274098777701086647_y.jpg
photo_5274098777701086649_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жумгалдын Чаек айылындагы темир-бетон курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

“Жумгалсуукурулуш” ААК 1995-жылы түзүлгөн. Учурда курулуш жана айыл чарба тармагында туруктуу иш жүргүзүп келет. 2023-жылдын июль айынан бери компания темир-бетон шакекчелерин чыгаруучу заводду иштетип жатат. 

Заводдо 60 жумуш орду түзүлүп, саатына 30 метр куб темир-бетон буюмдары чыгарылат. Долбоордун жалпы наркы 200 миң долларды түзөт. 

Азыркы кезде ишкана райондун аймагында жүрүп жаткан таза суу жана ирригация долбоорлору үчүн темир-бетон шакекчелерди жана лотокторду чыгарып, курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүрүшүнө салым кошууда.

Таанышуунун соңунда курулуп жаткан объектилерди ирригация тармагына керектелүүчү буюмдар менен толук камсыз кылуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди.