Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өлкөнүн райондору менен шаарларында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, аларды каржылоо механизмдери жана мамлекеттик колдоо маселелери боюнча кеңешме болуп өттү.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, 7 облусту, 40 районду жана республикалык, облустук маанидеги 12 шаарды камтыган жүргүзүлгөн иштердин алкагында жалпы баасы 406,5 млрд сомду түзгөн 208 инвестициялык долбоордун тизмеси түзүлдү.
Долбоорлордун эң көп саны өнөр жай чөйрөсүнө туура келет – 74 долбоор, туризм – 33, социалдык инфраструктура – 30, айыл чарба – 27, энергетика – 18, транспорт, логистика жана индустриалдык парктары – 16 долбоор.
Кеңешменин жүрүшүндө долбоорлорду даярдоо жана каржылоо, алардын демилгечилерине эксперттик көмөк көрсөтүү, ошондой эле экономикалык жактан маанилүү долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин түзүү маселелери каралды. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын өнүктүрүү институттары жана мамлекеттик банктар менен өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгында өнүктүрүү институттарына жана мамлекеттик банктарга бул долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана эксперттик колдоо көрсөтүү, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемелерди, финансылык моделдерди жана бизнес-пландарды даярдоодо сунушталды.
Экономика жана коммерция министрлигине долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле кызыкдар тараптар менен бирге мындан аркы иштердин макулдашылган тартибин түзүү тапшырылды. Демилгелерди ишке ашыруу жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн аймактарында кирешелердин өсүшүнө өбөлгө түзүшү керек.