Бакыт Төрөбаев Түптөгү картошка өстүрүүнү өнүктүрүү борбору менен таанышты

Аймак 25 Ноябрь 2025 12:35
IMG_9222.JPG
IMG_9226.JPG
IMG_9220.JPG
IMG_9217.JPG
IMG_9215.JPG
IMG_9211.JPG
IMG_9212.JPG
IMG_9209.JPG
IMG_9206.JPG
IMG_9207.JPG
IMG_9205.JPG
IMG_9196.JPG
IMG_9195.JPG
IMG_9193.JPG
Алдыга
Артка
IMG_9222.JPG
IMG_9226.JPG
IMG_9220.JPG
IMG_9217.JPG
IMG_9215.JPG
IMG_9211.JPG
IMG_9212.JPG
IMG_9209.JPG
IMG_9206.JPG
IMG_9207.JPG
IMG_9205.JPG
IMG_9196.JPG
IMG_9195.JPG
IMG_9193.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы “Түп” картошка өстүрүүнү өнүктүрүү борборуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр борбордун ишмердүүлүгү жана картошка сактоо инфраструктурасы менен таанышты.

Борбордун башкы багыты — сапаттуу үрөндүк материалдарды өндүрүү жана заманбап технологияларды колдонуу менен дыйкандарды жаңы, жогорку сапаттагы үрөн менен камсыз кылуу.

Учурда уруктук картошка атайын 2–3 градус температурадагы муздаткыч кампаларда сакталууда, бул алардын сапатын узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берет.

Бакыт Төрөбаев борбордун техникалык базасын, үрөн өндүрүүдө колдонулуп жаткан жабдууларды жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү дыкат көрүп чыкты.

Борбордун өкүлдөрү министрге үрөн чарбасын түзүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн айтып, келечектеги пландары менен бөлүштү.

Алардын негизги максаты:

  • Жаңы сортторду чыгаруу жана лаборатория куруу.
  • In vitro технологиясы аркылуу картошка өндүрүүнү жолго коюу.
  • Кыргызстандын дыйкан-фермерлерин сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу.

Бакыт Төрөбаев бул демилгелерди жогору баалап, алар өлкөнүн үрөн чарбасын өнүктүрүүдө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өсүшүн камсыздоодо маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

Сапаттуу үрөндүк материалды жергиликтүү деңгээлде өндүрүү картошканын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, дыйкандардын чыгымын азайтууга жана жалпы рыноктогу продукциянын сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт.