Бакыт Сыдыков президенттин санкциялар боюнча атайын өкүлү болду

Президент Загрузка... 05 Июнь 2026 12:50
2904083.b7e4836e22ded1bb0b0b1077c97af32a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документтин негизги максаты өлкөнүн улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик органдардын бул багыттагы иштерин ишенимдүү координациялоо. Ошондой эле эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар жана финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын бирдиктүү макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 66-, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлү болуп айкалыштыруу менен дайындалсын.
  2. Атайын өкүлгө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилсин.
  3. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
    • Санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
    • Чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен чектөөлөр маселеси боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
    • Экинчилик санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча бирдиктүү позицияны билдирүү;
    • Трансчек аралык эсептешүүлөрдүн туруктуулугун, товарларды жана технологияларды жеткирүү коопсуздугун камсыз кылуу;
    • Санкциялык режимдердин соодага, логистикага, өнөр жайга жана финансылык секторго тийгизген таасирине туруктуу талдоо жүргүзүү.
  1. Атайын өкүл төмөнкү укуктарга ээ деп белгиленсин:
    • Сүйлөшүүлөрдө жана расмий диалогдордо Кыргыз Республикасынын позициясын билдирүүгө;
    • Мамлекеттик органдардан зарыл болгон аналитикалык материалдарды жана корутундуларды суроого жана алууга;
    • Мамлекеттик органдарга аткарылышы милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө;
    • Тиешелүү маселелер боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторду жана эксперттик механизмдерди түзүүнү демилгелөөгө;
    • Өзүнүн тапшырмаларын негизсиз создуктурган же аткарбаган кызмат адамдарына карата чара көрүү сунушун президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына киргизүүгө.