Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында иш күнүн баштады

Коом Загрузка... 29 Май 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жумуш күнүн "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында баштады. Министр алгач чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизилиши пландалган ишканаларга арналган презентацияларга катышты.

Учурда Экономика министрлигинде ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо жана жаңы өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча презентациялар өтүүдө.

Бүгүн күн бою Бакыт Сыдыков Чүй облусундагы бир катар объекттерди кыдырат. Жумушчу сапардын башкы максаты — мамлекеттик долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө жана жер-жерлерде келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү болуп саналат. Мындан сырткары, саат 18:00дө министр "Кабар" агенттигинин подкастына катышат.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоору мамлекеттик органдардын ишин жасалгасыз көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, жетекчилердин жумуш күнүн таң эртеден кечке чейин реалдуу убакыт режиминде чагылдырат.