Баку “Формула-1” Гран-присине даярданууда

Дүйнө 24 сентябрь 2026 10:40
Баку “Формула-1” Гран-присине даярданууда

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Азербайжандын борбору Баку “Формула-1” Гран-присине даярданууда.

Казинформ билдиргендей, Гран-принин алдында Бакуда жылдын негизги спорттук иш-чараларынын бирине акыркы даярдыктар аяктап калды.

Негизги жарыш 26-сентябрда өтөт.

Программага ылайык, 24-сентябрь - эркин машыгуу,

25-сентябрь - тандоо туру,

26-сентябрда Азербайжандын Гран-приси пландалган.

Айдоочулар болжол менен 6 чакырымдык трассаны 51 ирет басып өтөт, анын ичинде 20 бурулуш бар.

Алдыдагы Гран-при Азербайжан үчүн “Формула-1” мелдешинин этабын өткөрүүдө онунчу болуп калат.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында фан-форумдар, концерттер өткөрүлөт.